Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 14-майы № 342
Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан жер тилкесин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Бишкек шаарынын Свердлов районунун аймагында индустриялык-логистикалык борборун куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6, 12-2-пункттарына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 6-ноябрындагы № 321 токтомун жана Бишкек шаарында жер участокторун которуу (трансформациялоо) боюнча комиссиянын 2025-жылдын 3-октябрындагы корутундусун эске алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бишкек шаарынын Свердлов районунун № 48 контурунда жайгашкан, Рысалиева Нургул Токторбековнанын жеке менчигинде турган, жалпы аянты 1,0 га сугат айдоо жер тилкеси индустриялык-логистикалык борборду куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Бишкек шаарынын мэриясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу пайдаланууну;
3) жогоруда аталган жер тилкесинин шаар куруу документтерин курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоо менен Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
4) көрсөтүлгөн жер тилкесининде тарыхый-маданий мурас объекттери аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча мыйзамдарына ылайык аларды сактоону;
5) Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык айыл чарба жана токой чарба өндүрүштөрүндөгү жоготуулардын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасын төлөөнү;
6) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинин пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аны баштапкы абалына келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
7) жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесинин аянтын калыбына келтирүүнү, түшүмдүүлүгү аз жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарбалык жүгүртүүгө киргизүүнү;
8) коомдук саламаттык сактоо жаатындагы ченемдик актыларды сактоону;
9) чарбалык жана башка ишти жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарына ылайык экологиялык талаптарды аткарууну;
10) белгиленген тартипте аба электр өткөрүүчү чубалгыларын коопсуз жана талаптагыдай эксплуатациялоо үчүн тиешелүү коргоо аралыктарын сактоону;
11) автомобиль жолдорунун техникалык параметрлерин, "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин жана талаптарын сактоону.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |