Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2026-жылдын 30-апрели № 323-т
Металлургиялык заводду куруу, Андаш жана Талды-Булак кендерин өздөштүрүү боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14, 31-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун жана «Цзыцзинь Голд Интернейшинал Компани Лимитед» (Zijin Gold International Company Limited) компаниясынын ортосундагы Металлургиялык заводду куруу, Андаш жана Талды-Булак алтын кендерин өздөштүрүү боюнча инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Инвестициялык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |