Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 3-июну № 391
2014-жылдын 30-майында Минск шаарында кол коюлган Илимий-техникалык маалыматтарды мамлекеттер аралык алмашуу чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2014-жылдын 30-майында Минск шаарында кол коюлган Илимий-техникалык маалыматтарды мамлекеттер аралык алмашуу чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жана Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу органдар болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте кабарласын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 41 (3801) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |