Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 29-апрели № 304-т
Санариптик өнүктүрүү жана маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Тоголез Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Санариптик өнүктүрүү жана маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Меморандумдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Тоголез Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Санариптик өнүктүрүү жана маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө ӨЗ АРА ТҮШҮНҮШҮҮ ТУУРАЛУУ МЕМОРАНДУМ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Тоголез Республикасынын Өкмөтү (мындан ары өзүнчө "Тарап", ал эми биргелешип "Тараптар" деп аталуучу),
эки мамлекеттин ортосунда калыптанган достук мамилелерди таанып,
санариптештирүү, маалыматтык технологиялар боюнча билим берүү, 5G тармактарын киргизүү жана киберкоопсуздук чөйрөлөрүндө эки тараптуу кызматташууну чыңдоого өз ара умтулууну ырастап,
санариптик мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча тажрыйба алмашуунун жана биргелешкен аракеттерди жүзөгө ашыруунун маанилүүлүгүн таанып; жана
өз ара пайдалуу негизде туруктуу жана натыйжалуу кызматташуунун зарылдыгына ишенип,
төмөнкүдөй макулдашууларга жетишти:
1-берене. Максат
Тараптар өз ара түшүнүшүү жөнүндө ушул Меморандумдун жоболоруна, ошондой эле өздөрүнүн мамлекеттеринде колдонуудагы мыйзамдарга, эрежелерге, ченемдик укуктук актыларга жана улуттук саясатка ылайык эки мамлекеттин ортосунда санариптик өнүктүрүү жана маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө кызматташууну өз ара мамиледе жана өз ара пайдалуу негизде бекемдөөгө, өнүктүрүүгө жана илгерилетүүгө умтулат.
2-берене. Кызматташуу чөйрөлөрү
Ар бир Тарап өздөрүнүн мамлекеттеринде колдонуудагы мыйзамдарга жана улуттук саясатка ылайык төмөнкүдөй багыттар боюнча техникалык кызматташууну өнүктүрүү жана колдоо үчүн зарыл чараларды көрөт:
а) санариптик трансформация жана электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр;
б) маалыматтык технологиялар жана киберкоопсуздук;
в) 5G инфраструктурасы жана санариптик коопсуздук;
г) жасалма интеллект жана маалыматтарга негизделген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр;
д) санариптик көндүмдөр жана инновациялык экосистемалар чөйрөсүндөгү потенциалды өнүктүрүү.
3-берене. Кызматташуунун формалары
Тараптар ушул Меморандумдун алкагында кызматташуу төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат деп макулдашты:
а) санариптик трансформациянын ийгиликтүү тажрыйбаларын изилдөө жана киргизүү үчүн өз ара сапарларды жана эксперттердин жолугушууларын уюштуруу;
б) киберкоопсуздук жана маалыматтарды коргоо чөйрөсүндө улуттук стратегияларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга карата мыкты тажрыйбаларды жана ыкмаларды алмашуу;
в) маалыматтык технологиялар жана киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү адистер үчүн окутуу иш-чараларын, семинарларды жана квалификацияны жогорулатуу программаларын уюштуруу;
г) 5G тармактарын жайылтууга жана өнүктүрүүгө карата Тараптардын ыкмаларын, анын ичинде техникалык жана уюштуруучулук аспекттерди изилдөө;
д) 5G технологиялары чөйрөсүндө биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү жана инновациялык чечимдерди киргизүү;
е) санариптик чөйрөдө киберкоргонуу жана киберкоопсуздуктун туруктуулугун камсыз кылуу үчүн алдынкы тажрыйбаларды жана технологияларды изилдөө жана биргелешип колдонуу.
4-берене. Аныкталган ыйгарым укуктуу органдар
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан ушул Меморандумду ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу орган болуп - санариптик өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган саналат.
Тоголез Республикасынын Өкмөтүнүн атынан - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугу жана санариптик трансформация министрлиги.
5-берене. Финансылык маселелер
Ушул Меморандумдун алкагында иш-чараларды жүзөгө ашырууга байланышкан чыгымдарды жабуу боюнча финансылык макулдашуулар Тараптар тарабынан ар бир конкреттүү учурда финансылык каражаттар болгон учурда өз ара негизде аныкталат.
6-берене. Ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү
Тараптар ушул Меморандумду ишке ашырууну координациялоо, мониторинг жүргүзүү жана көмөк көрсөтүү үчүн Биргелешкен жумушчу топ түзөт.
Биргелешкен жумушчу топ Тараптар макулдашкан мезгилдүүлүк менен жыйналыштарды өткөрөт.
7-берене. Аталышты, логотипти жана символиканы пайдалануу
Кайсы Тараптын болбосун аталышын, логотибин жана/же расмий символикасын кандай болбосун басылмаларда, документтерде жана/же материалдарда экинчи Тараптын алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугусуз колдонууга тыюу салынат.
8-берене. Башка укуктар жана кызыкчылыктар
Ушул Меморандумдун жоболоруна карабастан, эгерде кызматташууну ишке ашыруу кайсы Тараптын болбосун улуттук коопсуздукка, мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга, коомдук тартипке, ошондой эле документтердин, маалыматтардын жана маалымдардын купуялуулугуна жана жашыруундуулугуна байланышкан укуктарына жана кызыкчылыктарына таасир этсе, мындай Тарап өзүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн тиешелүү чараларды көрүүгө же экинчи Тарап менен консультация өткөрүүгө укуктуу.
Купуя маалымат алмашуу конкреттүү иш-чаралардын алкагында купуялуулук жөнүндө өзүнчө макулдашуулар менен жөнгө салынышы мүмкүн.
9-берене. Меморандумдун мүнөзү
Өз ара түшүнүшүү жөнүндө ушул Меморандум Тараптардын ниеттерин гана бекемдейт жана эл аралык же улуттук укукка ылайык милдеттенмелерди түзбөйт, ошондой эле кандайдыр бир юридикалык жол-жоболорго алып келбейт жана түз же кыйыр билдирилген кандайдыр бир юридикалык милдеттүү же мажбурлап аткарылууга тийиш милдеттенмелерди түзүүчү катары каралууга тийиш эмес.
10-берене. Консультациялар
Тараптар ушул Меморандумду чечмелөө же колдонуу маселелери боюнча өзүнүн өкүлдөрү аркылуу макулдашылган мөөнөттөрдө консультацияларды жүргүзөт.
11-берене. Кайра кароо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү
1. Кайсы Тарап болбосун жазуу жүзүндө кайра кароону же өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелей алат.
2. Бардык макулдашылган өзгөртүүлөр жазуу жүзүндө таризделет жана ушул Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп калат.
3. Өзгөртүүлөр Тараптар тарабынан макулдашылган датадан тартып күчүнө кирет.
4. Өзгөртүүлөр мурдагы жетишилген макулдашууларга жана ишке ашырылуучу иш-чараларга таасирин тийгизбейт.
12-берене. Күчүнө кирүүсү, колдонуу мөөнөтү жана токтотулушу
1. Ушул Меморандум кол коюлган датадан тартып күчүнө кирет жана үч (3) жылдын ичинде колдонулат.
2. Ушул Меморандумдун 12-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин, эгерде Тараптар башкача макулдашпаса, ал автоматтык түрдө кийинки үч жылдык мезгилге узартылат.
3. Кайсы Тарап болбосун башка Тарапты дипломатиялык каналдар боюнча кеминде алты (6) ай мурда кабарлап, ушул Меморандумду токтото алат.
4. Ушул Меморандумдун колдонулушун токтотуу, эгерде Тараптар башкача макулдашпаса, башталып калган иш-чараларды аяктоого таасир этпейт.
Ушул Меморандум Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Тоголез Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда жетишилген макулдашууларды чагылдырат.
2026-жылдын "___" ____________ Бишкек шаарында эки нускада, ар бири кыргыз, француз жана англис тилдеринде кол коюлду, ошол эле учурда бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Чечмелөөдө айырмачылыктар болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.