Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 26-майы № 372
Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан жер тилкесин "Өзгөчө корголуучу жаратылыш жана тарыхый-маданий аймактардын жерлери" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Бишкек шаарынын Ленин районунун аймагында спорттук-машыгуу комплексин, мектепке чейинки билим берүү объектин, спортчулар үчүн жатакана, көп кабаттуу турак үйлөрдү жана башка инфраструктура объекттерин куруу максатында, Бишкек шаарында жер участокторун которуу (трансформациялоо) боюнча жер комиссиясынын 2026-жылдын 23-январындагы корутундусун, Бишкек шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 28-январындагы № 13, 2026-жылдын 30-январындагы № 15 токтомдорун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бишкек шаарынын Ленин районунун аймагындагы № 9, 10 контурларда жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган, жалпы аянты 23,60 га жер тилкеси "Өзгөчө корголуучу жаратылыш жана тарыхый-маданий аймактардын жерлери" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Бишкек шаарынын мэриясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
3) жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесинин шаар куруу документтерин курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоо менен Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
4) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда аларды күтүүнү жана коргоону, Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык казуу жана курулуш иштерин жүргүзүүдө археологиялык көзөмөл жүргүзүү үчүн адис-археологду тартууну;
5) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкеси пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аны баштапкы абалына келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
6) Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарына ылайык чарбалык жана башка ишти жүзөгө ашырууда экологиялык талаптарды аткарууну.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |