Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 3-июну № 397-т
Долбоорлоонун жана курулуштун сапатын жогорулатуу, жаңы технологияларды киргизүү, ошондой эле сейсмоизоляциялык компоненттердин жеке өндүрүшүн түзүү максатында, «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүнө, 31-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Нанжинг Дэйд Техноложи Ко., ЛТД» компаниясынын ортосунда Сейсмоизоляциялык компоненттерди өндүрүү боюнча чогултуучу заводду долбоорлоо жана куруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Инвестициялык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, «Синьцзян Тяньюй Инжиниринг Тестинг», «Нанжинг Дэйд Техноложи Ко., ЛТД» компанияларынын ортосунда 2025-жылдын 13-июнунда түзүлгөн Инвестициялык макулдашууну белгиленген тартипте бир тараптуу бузуу боюнча чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 454-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев