Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 5-июну № 407-т
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунда көп функциялуу логистикалык борборду куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14, 31-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2023-жылдын 20-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Alkanov Group» (Алканов Групп) жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы «Чүй облусунда көп функциялуу логистикалык борборду куруу» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу кошумча макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Бишкек шаарынын мэрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кошумча макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев