Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 17-июну № 17
Прокуратуранын имаратын куруу үчүн жер тилкесин мамлекеттин менчигине өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 30-беренесин, «Муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесин жетекчиликке алып, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 18-майындагы №01-5/2289 кайрылуусунун негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Балта шаары, Ленин көчөсү, дареги көрсөтүлбөгөн жерде жайгашкан аянты 1326,0 чарчы метр болгон жер тилкесин прокуратура имаратын куруу үчүн мамлекеттин менчигине акысыз негизде өткөрүп берүүгө, аталган жер тилкесин мөөнөтсүз (туруктуу) пайдалануу укугу менен өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, экономика, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, Кара – Балта шаарынын мэри А.К. Исаковго жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы |
| М. Дуйшеналиев |