Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-июну № 446
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл аймагында жайгашкан
жер тилкесин «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 191 «Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коому тарабынан көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 31-декабрындагы № 01-12/2141 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын 2025 -жылдын 31-июлундагы № 40 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18, 102-беренелерине, «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин экинчи бөлүгүнүн 121-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл аймагындагы № 323 контурда жайгашкан, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жалпы аянты 24,0 га сугат айдоо жер тилкеси көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
3) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинин шаар куруу документтерин курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоо менен Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
4) жамгырдын жана эриген кардын сууларын коопсуз буруу системасынын иштөөсүн, башкы пландагы жер титирөөгө каршы иш-чараларды жана тиешелүү аймактагы кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, болжолдоо боюнча колдонмону сактоону;
5) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда аларды күтүүнү жана коргоону, Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык казуу жана курулуш иштерин жүргүзүүдө археологиялык көзөмөлдөө үчүн адис-археологду тартууну;
6) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкеси пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аны баштапкы абалга келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
7) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинин аянтын калыбына келтирүүнү, асылдуулугу төмөн жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана ченемдерди сактоону;
9) чарбалык жана башка ишти жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарына ылайык экологиялык талаптарды аткарууну;
10) «Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык автомобиль жолунун бөлүнгөн тилкесин сактоону.