Редакцияот 10.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 10-июлу № 479

Бишкек шаарынын кызматкерлеринин айрым категориялары

үчүн 2026-жылдын 1-сентябрын

дем алыш күнү деп белгилөө жөнүндө

 

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын катышуусу менен иш-чараларды өткөрүү мезгилинде транспорттук инфраструктуранын жүктөмүн азайтуу жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 253 «Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында кошумча дем алыш күндөрдү белгилөө маселесин убактылуу укуктук жөнгө салууну киргизүү жөнүндө» Жарлыгына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Бишкек шаарынын мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын, мекемелеринин жана ишканаларынын кызматкерлери үчүн 2026-жылдын 1-сентябры дем алыш күнү деп белгиленсин.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин: 

- аталган дем алыш күнү кызматкерлердин бир күндүк орточо эмгек акысы сакталат деп;

- үзгүлтүксүз өндүрүштүк циклдеги мекемелердин кызматкерлерине эмгек акы төлөө Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык жүргүзүлөт деп.

3. Бишкек шаарындагы жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине ушул токтомдун 2-пунктуна ылайык кызматкерлерге бир күндүк орточо эмгек акысын сактоо менен 2026-жылдын 1-сентябрында дем алыш күнүн берүү сунушталсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 15-июлунан тартып күчүнө кирет.

2026-жылдын 10-июлунда https://www.gov.kg/ky/npa/s/4823 расмий сайтында жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев