Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 26-марты № 197-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 21-январындагы № 11 тескемесин ишке ашыруу максатында, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнө, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 25 тиркемесинин 31-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-мартындагы № 165-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пунктта «сатып алат» деген сөздөр «сатып алууга милдеттүү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Кыргыз Республикасынын өндүрүүчүлөрүндө мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда тизмеде көрсөтүлгөн товарлардын зарыл болгон техникалык спецификациясын, мүнөздөмөсүн же көлөмүн жүргүзүү мүмкүнчүлүгү болбогон учурда чет өлкөлүк жөнөтүүчүлөр берген чет мамлекеттерден чыгарылган товарларга карата улуттук режим колдонулат.»;
3) жогоруда көрсөтүлгөн тескеменин тиркемесинде:
- «Курулуш материалдары» бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 3381-пункт менен толукталсын:
3381 | А500С классындагы болот арматура | 24.10.62.100 | 7 214 20 000 0 |
- «Курулуш материалдары» бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 3904–39017-пункттар менен толукталсын:
3904 | Шагылды өндүрүүдө алынган, I классындагы, майдалоонун элендисинен ири кум («Аламүдүн» кени) | 23.61.0 | 2505 10 000 0 |
3905 | 5ден 20 мм чейин фракциялардын аралашмасынын, I топтогу, майдалануучулук маркасы 1000, сүрүлүүсү боюнча И-1, гравийди майдалоодо алынган шагыл («Аламүдүн» кени) | 23.61.0 | 2517 10 100 0 |
3906 | Имараттар жана курулмалар үчүн темир-бетон көп көңдөйлүү жабуу плиталары | 23.61.0 | 6810 91 000 0 |
3907 | В25 П1 F150 классындагы бетондон жасалган СВ95-2AIII, CB105-3,5AIII маркаларындагы электр берүү линияларынын таянычтары үчүн темир-бетондон жасалган титирөөчү мамылар | 23.61.0 | 6810 91 000 0 |
3908 | В25 П1 F150 классындагы бетондон жасалган СВ105-3,5А500С, СВ95-2А500С маркаларындагы электр берүү линияларынын таянычтары үчүн темир-бетондон жасалган титирөөчү мамылар | 23.61.0 | 6810 91 000 0 |
3909 | В35 П3 F150 W8 классындагы оор бетондон бетон аралашмалары | 23.61.0 | 3824 50 100 0 |
39010 | В7,5 П3 F75 W2, В10 П3 F75 W2, В15 П3 F75 W2, В20 П3 F75 W2, В22,5 П3 F75 W2, В25 П3 F75 W2, В30 П3 F75 W2 класстарындагы оор бетондон бетон аралашмалары | 23.61.0 | 3824 50 100 0 |
39011 | Б20 Ж1 F75 W4 классындагы бетондон жасалган канализациянын тегерек кудуктары жана суу түтүктөрү үчүн темир-бетон буюмдар | 23.61.0 | 6810 91 000 0 |
39012 | Сугат системалары үчүн В22,5 П2 F150 W6 F75 W6 классындагы бетондон жасалган ЛР 8 маркасындагы параболалык темир-бетон лотоктор | 23.61.0 | 6810 99 000 0 |
39013 | Сугат системалары үчүн В22,5 классындагы П2 F150 W6 маркасындагы бетондон жасалган ЛР10 маркасындагы параболалык темир-бетон лотоктор | 23.61.0 | 6810 99 000 0 |
39014 | В25 П3 F150 W6 классындагы бетондон жасалган Б1-18-3 маркасындагы автожолдордун көпүрөлөрү үчүн диафрагмасыз, тавр түрүндөгү кесилиши бар, чыңалуусуз арматурасы бар, узундугу 18 метр болгон темир-бетон устундардан жасалган аралык курулмалар | 23.61.0 | 6810 99 000 0 |
39015 | В30 П1 F150 W6 классындагы бетондон жасалган ТР 40.30-2, ТР 60.40-2, ТР 80.40-2, ТР 100.30-2, ТР 140.25-1 маркаларындагы басымсыз темир-бетон түтүктөрү | 23.61.0 | 6810 91 000 0
|
39016 | В7,5 П1 F75 W2 классындагы бетондон жасалган ФБС 24.4.6-Т, ФБС 24.5.6-Т тибиндеги жертөлө дубалдары үчүн бетон блоктору | 23.61.0 | 6810 91 000 0 |
39017 | 1НФ форматындагы 250х120х88 мм өлчөмүндөгү ичи бош керамика кирпичи, бекемдиги боюнча маркасы М150, орточо тыгыздыктагы классы 1.4, суукка туруштук берүүчү маркасы | 08129 | 6904 10 000 0 |
- «Машина куруу, электр жабдуулары» бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 4831–4832-пункттар менен толукталсын:
4831 | Электр кыймылдаткыч менен кыймылга келүүчү үч дөңгөлөктүү жүк ташуучу электротрицикл | 30.91.0. | 8711 60 900 0 |
4832 | Кол шыпыргы жана автомашиналар үчүн диск-щеткалар | 32.91.19 | 3926909200 |
- «Кийим жана тигүү буюмдары» бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 52512-52519-пункттар менен толукталсын:
52512 | Шейшеп | 46.90.0 | 6302310009 |
52513 | Пардалар, шторалар жана гардиндер | 46.90.0 | 6303929000 |
52514 | Кабып тигилген жууркандар | 46.90.0 | 9404400009 |
52515 | Жайкы формалык комплект (костюм, шым, кепка) | 14.12.0 | 6203291100 |
52516 | Капюшондуу формалык курткалар | 14.12.0 | 6201990000 |
52517 | Комбинезон менен комплекттелген жылууланган курткалар | 14.12.0 | 6203231000 |
52518 | Сигналдуу жилет | 14.12.0 | 6211331000 |
52519 | Формалык көйнөктөр | 14.12.0 | 6205908009 |