Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 14-марты № 165-т
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 760-т, 2026-жылдын 26-мартындагы № 197-т, 2026-жылдын 3-июлундагы № 502-т, 2026-жылдын 5-августундагы № 596-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 21-январындагы № 11 тескемесин ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнө, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 25 тиркемесинин Сатып алууларды жөнгө салуу тартиби жөнүндө протоколунун 31-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана ыйгарым укуктуу орган берген келип чыгуу жөнүндө сертификаты бар өнөр жай товарларынын тизмеси (мындан ары - тизме) боюнча чет мамлекеттерден чыгарылган товарларды улуттук режимден алып салуу белгиленсин.
2. Тизмеге ылайык товар өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик сатып алууларга катышууга жол берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылануучу мамлекеттик органдар, бюджеттик уюмдар жана мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү бюджеттен каржылануучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, атайын эсептери жана фонддорунун каражаттары бар уюмдар, ошондой эле мамлекеттик каражаттардын, мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынын эсебинен түзүлгөн башка юридикалык жактар тизмеде көрсөтүлгөн товарларды бекитилген республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин алкагында бир булактан методу менен ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн сатып алууга милдеттүү деп белгиленсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-мартындагы № 197-т тескемесинин редакциясына ылайык)
31. Мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, ошондой эле уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү 50 жана андан ашык пайызды түзгөн чарбакер коомдорго товарларды сатып алууда ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн өнөр жай продукциясына артыкчылык берүү жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 301 «Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибин бекитүү тууралуу» токтомунда каралган учурларда жана тартипте келишимдерди түздөн-түз түзүү аркылуу аны сатып алуу сунушталсын.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-августундагы № 596-т тескемесинин редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын өндүрүүчүлөрүндө мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда тизмеде көрсөтүлгөн товарлардын зарыл болгон техникалык спецификациясын, мүнөздөмөсүн же көлөмүн жүргүзүү мүмкүнчүлүгү болбогон учурда чет өлкөлүк жөнөтүүчүлөр берген чет мамлекеттерден чыгарылган товарларга карата улуттук режим колдонулат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-мартындагы № 197-т тескемесинин редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул тескемеден келип чыгуучу мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү улуттук режимден алып салууну белгилөө жөнүндө Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерге жана Евразия экономикалык комиссиясына кабарлоо менен байланышкан зарыл жол-жоболорду жүргүзсүн.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 112-т тескемеси;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 197-т тескемеси;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 103-т тескемеси;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-августундагы № 467-т тескемеси;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-октябрындагы № 656-т тескемеси;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-октябрындагы № 694-т тескемеси;
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 812-т тескемеси.
7. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул тескеме 2025-жылдын 17-мартынан тартып күчүнө кирет жана эки жыл бою колдонулат.