Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 15-июлундагы № 486
Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын
бузуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн
чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок
адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу жөнүндө
убактылуу жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 24-июнундагы № 233 «Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-майындагы № 286 «Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтому;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-июнундагы № 340 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-майындагы № 286 «Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
– миграциялык мыйзамдарды бузуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга алар Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары өз ыктыяры менен чыгып кеткен учурда Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликтен, ошондой эле чыгуу визасын тариздөө үчүн төлөмдөн бошотуу мүмкүндүгү жөнүндө маалымдоо боюнча маалыматтык-түшүндүрүү өнөктүгүн жүргүзсүн;
– ушул токтомду ишке ашыруунун алкагында берилген чыгуу визаларынын эсебин жүргүзүүнү жана алар жөнүндө статистикалык маалыматты түзүүнү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ушул токтомду ишке ашыруунун алкагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жөнөтүлгөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын кайрылууларынын эсебин жүргүзүүнү жана алардын саны тууралуу статистикалык маалыматты түзүүнү камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы ушул токтомду ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын аймагынан өз ыктыяры менен кетип жаткан чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын тоскоолдуксуз чыгып кетүүсүн, ал эми Кыргыз Республикасына визасыз кирүү режими бар мамлекеттердин жарандарына карата Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын компроматтык маалыматтардын жоктугу жөнүндө катынын негизинде камсыз кылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 17-июлундагы № 53 (3813) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |