Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 486 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын
бузуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында
жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу жөнүндө
убактылуу жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары – Убактылуу жобо) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары өз ыктыяры менен чыгып кеткен учурда аларды Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликтен, ошондой эле чыгуу визасын тариздөө үчүн төлөнүүчү төлөмдөн бошотуунун тартибин, ошондой эле Кыргыз Республикасынан ыктыярдуу-контролдонуучу чыгуу шарттарын белгилейт.
2. Бул Убактылуу жобонун колдонулушу төмөнкү чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жайылтылбайт:
1) жол жүрүү документи жокторго;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун качкын статусун же башпаанек берүүдөн баш тартуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген чечими бар адамдарды кошпогондо, качкын статусун алган жана качкын статусун берүү жөнүндө өтүнүч берген адамдарга, ошондой эле башпаанек издеген адамдарга;
3) Кыргыз Республикасында кылмыш иши козголгондорго, иш боюнча өндүрүш аяктаганга чейин;
4) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими, анын ичинде чыгаруу жөнүндө чечими барларга;
5) Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана Кыргыз Республикасында жашаган башка адамдардын ден соолугун сактоо, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн коркунуч келтиргендерге;
6) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген ишти жүргүзгөндөргө;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнүүгө тийиш болгон салыктык карыздары барларга;
8) «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда.