Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-июлу № 482
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»
токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жер участокторун бир категориядан экинчи категорияга же бир түрдөн экинчи түргө которуу (трансформациялоо) жол-жобосун өркүндөтүү жана жөнөкөйлөтүү, жер мамилелери чөйрөсүндө чечимдерди кабыл алуунун ачыктыгын жана ыкчамдуулугун камсыз кылуу, жер ресурстарын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу үчүн шарттарды түзүү, пайдаланууга жарактуу жерлерди айыл чарба жүгүртүүсүнө өз убагында тартуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 15-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жободо:
– 2-пунктта:
экинчи абзац «Жер участокторун» деген сөздөр «Айыл чарба багытындагы жер участокторун» деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү абзацтагы «жергиликтүү мамлекеттик администрация, облустук, республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдары» деген сөздөр «жергиликтүү мамлекеттик администрация же облустук, республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органы» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 5-пунктта:
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– асылдуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин кыйла баалуу жердин түрлөрүнө, ошондой эле айыл чарба жерлеринин баалуулугу бирдей түрлөрүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясындагы бир түрдөн экинчисине которуудан (трансформациялоодан) тышкары, шаар куруу документтерин иштеп чыгуу укугуна тиешелүү лицензиясы бар ыйгарым укуктуу орган же ишкана, уюм жана мекемелер тарабынан иштелип чыккан, жер участогунун чек аралары, долбоорлонуп жаткан объекттердин жайгашуусу, кирүү жолдору, инженердик коммуникациялар жана коргоо зоналары көрсөтүлгөн жер участогунун эскиздик долбоору техникалык-экономикалык негиздемеси менен.»;
жетинчи абзацтагы «көп кабаттуу турак үйлөрдү курууга берилүүчү жерлерди которууну кошпогондо,» деген сөздөр «көп кабаттуу турак үйлөрдү курууга берилген жерлерди жана жеке турак жай куруу үчүн жеке менчикте турган жер участокторун которууну (трансформациялоону) кошпогондо,» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 7-пунктта:
2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: