Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-июлу № 480
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 605
«Улуттук экономиканын субъекттерине кепилчилик
берүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 631-беренесинин 1-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 605 «Улуттук экономиканын субъекттерине кепилчилик берүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Улуттук экономиканын субъекттерине кепилчилик берүү тартибинде:
– 2-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Кепилчилик кредиттик келишим, финансылык ижара (лизинг) келишими, банктык кепилдик же подряд келишими (макулдашуусу) боюнча улуттук экономиканын субъекттеринин (мындан ары – субъекттер) милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдүү комитети менен макулдашуу боюнча Министрлер Кабинетинин чечими боюнча Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналган юридикалык жактарга берилет.»;
– 4-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Кепилчилик кредиттик келишим, финансылык ижара (лизинг) келишими, банктык кепилдик же подряд келишими (макулдашуусу) боюнча милдеттенмелерди толугу менен же күрөөлүк камсыздоо менен жабылбаган бөлүгүн камсыз кылуу үчүн берилет.»;
– 41-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«41. Кепилчиликтин өлчөмү кредит берүүчү менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишимде каралган карыздын негизги суммасын, эсептелген пайыздарды жана башка төлөмдөрдү камтыган кредит, лизинг, банктык кепилдик же подряд келишими (макулдашуусу) боюнча субъекттин милдеттенмелеринин жалпы суммасынын 80 пайызынан ашпоого тийиш.
Кредит берүүчү менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишимде каралган карыздын негизги суммасын, эсептелген пайыздарды жана башка төлөмдөрдү камтыган кредит, лизинг, банктык кепилдик, подряд келишими (макулдашуусу) боюнча милдеттенмелердин жалпы суммасынын 100 пайыз өлчөмүндө төмөнкүлөргө карата кепилчилик берүүгө жол берилет:
– мамлекеттик жана муниципалдык органдарга, ишканаларга жана мекемелерге;