Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 12-июну № 432-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-январындагы № 40-т тескемеси менен жактырылган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест» жоопкерчилиги чектелген коому формасындагы чет өлкөлүк компаниянын ортосундагы Ош шаарында калдыктарды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү боюнча комплексти куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууну ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 «Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө» токтому менен бекитилген Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө жобонун 24-пунктунун 12-пунктчасына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Ош шаарында калдыктарды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү боюнча комплексти куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жумуштарын аткаруу үчүн «Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест» жоопкерчилиги чектелген коому формасындагы чет өлкөлүк компания тарабынан тартылган 500 адам санындагы Кытай Эл Республикасынын жарандары консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттарды төлөөдөн бошотулат деп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул тескемеден келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |