Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР
КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 14-июлу № 527-т
Азербайжан Республикасынын Өкмөтү менен коомдук тартипти камсыздоо, жарандардын коопсуздугу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү белгилөө максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын ички иштер министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар жана өз-өзүнчө Тарап деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Азербайжан Республикасынын Өкмөтү,
кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылууга өзгөчө маани берип,
Тараптардын мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого болгон өз ара ниеттин негизинде,
эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине таянып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Кызматташуунун негиздери
1. Тараптар өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарын жана алардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди сактоо менен ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык кызматташат.
2. Бул Макулдашуу кесиптик жана мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды берүү, экстрадициялоо жана кылмыш иштери боюнча юридикалык жардам көрсөтүү маселелерин козгобойт.
2-берене. Кызматташуунун багыттары
1. Тараптар төмөнкү кылмыштарды алдын алууда, аныктоодо, бөгөт коюуда жана ачууда өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат:
а) инсандын өмүрүнө жана ден соолугуна, эркиндигине жана кадыр-баркына каршы кылмыштар;
б) кылмыш жолу менен алынган мүлктү легалдаштыруу;
в) жеке менчикке каршы кылмыштар, анын ичинде транспорт каражаттарын уурдоо жана ага байланыштуу мыйзамсыз операциялар;
г) адамдарды сатуу, мажбурлап иштетүү жана мыйзамсыз миграция;
д) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүү;
е) жасалма акча белгилерин, документтерди, баалуу кагаздарды даярдоо жана сатуу, жасалма төлөм документтерин же баалуу кагаздар болуп саналбаган төлөм каражаттарын даярдоо жана сатуу;
ж) интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү кылмыштар;
з) тарыхый, маданий жана археологиялык баалуулуктарды, эстеликтерди, тарыхый баалуулукка ээ болгон асыл таштарды жана металлдарды, көркөм чыгармаларды жана олуттуу мааниге ээ болгон башка материалдарды уурдоо жана мыйзамсыз жүгүртүү;
и) паспортторду, жол жүрүү документтерин, визаларды, айдоочулук күбөлүктөрдү, транспорт каражаттарынын документтерин жана башка расмий документтерди жасалмалоо;
к) киберкылмыштуулук жана маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү башка кылмыштар;
л) уюшкан кылмыштуулуктун башка түрлөрү.
2. Тараптар ошондой эле төмөнкүдөй тармактарда кызматташат:
а) коомдук тартипти сактоо чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу;
б) жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу;
в) тергөө же сот органдарынан жашынып жүргөн адамдарды, жасаган кылмыштары үчүн жазадан качкан, алимент төлөөдөн жана соттун чечимдерин аткаруудан качкан адамдарды, ошондой эле дайынсыз жоголгон адамдарды издөө, жайгашкан жерин жана инсандыгын аныктоо;
г) таанылбаган өлүктөрдү жана ден соолугуна же жаш курагына байланыштуу өзүнүн инсандыгы тууралуу дайындарды билдире албаган адамдарды идентификациялоо;
д) экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында мыйзамсыз жашаган же инсандыгын ырастоочу документи жок же жасалма документи бар адамдарды идентификациялоо;
е) Тараптардын ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу;
ж) илимий-изилдөө иши, маалыматтык жана телекоммуникациялык системаларды өнүктүрүү, байланыш каражаттарын жана системаларын, атайын каражаттарды, техниканы жана жабдууларды ишке киргизүү жана пайдалануу;
з) кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу.
3-берене. Кызматташуу формалары
1. Тараптар ушул Макулдашуунун 2-беренесине ылайык өз ара кызыкчылык жараткан тармактарда төмөнкүдөй негизги формаларда кызматташат:
а) ыкчам-издөө жана ыкчам маалыматтар менен алмашуу;
б) соттун чечимин талап кылбаган ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү жөнүндө суроо-талаптарды аткаруу;
в) мыйзамсыз жүгүртүүдө пайда болгон баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун жаңы түрлөрү, алар өндүрүлгөн жана өстүрүлгөн жерлер, алардын бааларынын өзгөрүшү, аларды даярдоо технологиялары жана анда колдонулган заттар, ошондой эле баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же прекурсорлорду изилдөөдө жана идентификациялоодо колдонулуучу жаңы методдор жөнүндө маалымат менен алмашуу;
г) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун контрабандалоодо колдонулган технологиялар жана методдор, аларды ташуу жана жашыруу методдору, алар чыгарылган жана дайындалган жерлер, алардын маршруттары жана мыйзамсыз жүгүртүү ыкмалары жөнүндө маалымат жана тажрыйба менен алмашуу;
д) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар жана иши улуттар аралык мүнөзгө ээ болгон кылмыштуу топтордун түзүмү, курамы, иш чөйрөсү, башкаруусунун уюштурулушу жана контакттары жөнүндө маалымат жана зарыл болгон учурда тажрыйба менен алмашуу;
е) баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун булактарын, алардын мыйзамсыз жүгүртүүгө киришин аныктоонун формалары жана методдору, анын ичинде мындай мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу чаралары жөнүндө маалымат жана тажрыйба менен алмашуу;
ж) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган кирешелерди легалдаштырууга багытталган иш жөнүндө маалымат жана тажрыйба менен алмашуу;
з) киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү, ошондой эле маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү башка кылмыштарды аныктоонун жаңы методдору жөнүндө тажрыйба жана маалымат менен алмашуу;
и) кылмыштарга, кылмыштарды жасаган же аларды жасоого даярданып жаткан адамдардын ишине бөгөт коюу боюнча аракеттерди макулдашуу;
к) өз мамлекеттеринин аймагында ишин жүргүзүп жаткан кылмыштуу топтор менен катар кылмыштын предмети, каражаттары, технологиялары, колдонулган ыкмалары, түзүлгөн мамилелер жана бул мамилелердин өнүгүшү жөнүндө маалымат жана тажрыйба менен алмашуу;
л) кылмыштардын бетин ачууда жана аларга каршы күрөшүүдө колдонулуучу жаңы жол-жоболор, методдор жана технологиялар тууралуу маалымат жана тажрыйба менен алмашуу;
м) уюшкан кылмыштарды жасоого катышкан кылмышкерлер, ошондой эле алардын жашаган жана катталган жерлери тууралуу маалымат жана тажрыйба менен алмашуу;
н) кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатындагы статистикалык маалыматтар, ошондой эле укуктук актылар, брошюралар, басылмалар жана илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары, обо аркылуу берилген материалдар, анын ичинде санариптик материалдар менен алмашуу;
о) иш тажрыйбасы менен алмашуу, жумушчу жолугушууларды, консультацияларды, кеңешмелерди, практикалык конференцияларды жана семинарларды өткөрүү, ошондой эле биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү.
2. Тараптардын биринин жараны экинчи Тараптын аймагында эркинен ажыратуу же андан катуу жаза түрүндө жаза белгилөө менен кылмыш жоопкерчилигине тартылган учурда Тараптар бул факт боюнча өз ара маалымат алмашууну жүзөгө ашырат. Мындай маалыматка кылмыштын түрү жана мүнөзү жөнүндө дайындар, кылмышкердин жана жабырлануучунун инсандыгы жана манжа издери, кылмыш жасалган жана окуя болгон жер жана дата жөнүндө маалыматтар дагы камтылууга тийиш.
3. Тараптар өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана алардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкан адамдарды камакка алуу максатында, алдын ала билдирүү менен, өз мамлекеттеринин аймагы аркылуу баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун партияларын көзөмөлдөнгөн жеткирүү жана мыйзамсыз ташуу процесстерин жеңилдетүү үчүн кызматташат.
4. Тараптар айып тагылгандан же соттолгондон кийин бир Тараптын мамлекетинин аймагынан экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына качып кеткен адамдарды камакка алууга жардам берүүчү маалымат жана документтер менен алмашат.
5. Тараптар эл аралык тажрыйбаны изилдөө, натыйжалуу методдорду жана куралдарды колдонуу, өз мамлекеттеринин тиешелүү компетенттүү укук коргоо жана башка органдары менен мамилелерди өнүктүрүү максатында алдынкы тажрыйбалар менен алмашуунун уюштурулушун камсыздайт.
6. Тараптар кандай болбосун Тарап үчүн зарыл болгон техникалык консультацияларды өткөрөт жана мындай консультациялардын жалпы жыйынтыктары менен алмашат.
4-берене. Компетенттүү органдар
1. Ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча Тараптардын компетенттүү органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
а) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети;
б) Азербайжан Республикасынын Өкмөтү үчүн - Азербайжан Республикасынын Ички иштер министрлиги.
2. Ушул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып 30 (отуз) күндүн ичинде Тараптар ушул Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу максатында түз байланыштарды жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызыкдар органдардын тизмеси менен дипломатиялык каналдар аркылуу алмашат жана тиешелүү байланыш каналдарын түзөт.
3. Тараптар ушул Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу максатында компетенттүү органдардагы жана түз байланыштарды жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызыкдар органдардын тизмелериндеги өзгөрүүлөр жөнүндө бири-бирине дипломатиялык каналдар аркылуу дароо кабарлап турат.
5-берене. Кызматташууну өнүктүрүү
Ушул Макулдашуу Тараптарга ушул Макулдашуунун 1-беренесинде аныкталган шарттарды эске алуу менен кызматташуунун башка өз ара алгылыктуу багыттарын жана формаларын аныктоого жана өнүктүрүүгө тоскоолдук кылбайт.
6-берене. Көмөк көрсөтүү жөнүндө суроо-талаптар
1. Ушул Макулдашуунун алкагындагы кызматташуу кызыкдар Тараптын көмөк көрсөтүү тууралуу суроо-талаптарынын негизинде же мындай көмөк экинчи Тарап үчүн кызыкчылык жаратат деп эсептеген Тараптын демилгеси менен жүзөгө ашырылат.
2. Көмөк көрсөтүү тууралуу суроо-талап жазуу жүзүндө берилет. Шашылыш учурларда суроо-талаптар оозеки түрдө берилиши мүмкүн, бирок алар 3 суткадан кечиктирбестен жазуу жүзүндө, анын ичинде текстти берүүнүн техникалык каражаттарын колдонуу менен тастыкталышы керек.
Суроо-талаптын аныктыгынан же мазмунунан күмөн саноо жаралган учурда кошумча тастыктоо суралышы мүмкүн.
3. Көмөк көрсөтүү тууралуу суроо-талаптарда төмөнкүлөр камтылышы керек:
а) көмөк көрсөтүүнү сурап жаткан органдын жана суралып жаткан органдын аталышы, эгерде алар белгилүү болсо, ошондой эле башка маалым-даректер;
б) суроо-талап жүзөгө ашырылып жаткан маселелердин кыскача баяндамасы;
в) суроо-талаптын максатын жана негиздемесин көрсөтүү;
г) суралып жаткан көмөктүн мазмунунун сыпаттамасы;
д) суроо-талапты аткаруу үчүн зарыл болгон башка документтер (же алардын нотариалдык жактан ырасталган көчүрмөлөрү);
е) суроо-талапты талаптагыдай аткаруу үчүн пайдалуу болушу мүмкүн болгон каалагандай башка маалыматтар.
4. Суроо-талап же суроо-талапка жооп жазуу жүзүндө Тараптардын расмий бланкында берилет. Суроо-талап же суроо-талапка жооп жөнөтүүчү Тараптын башчысы же ал ыйгарым укук берген кызмат адамы тарабынан кол коюлууга жана зарыл болгон учурда мөөр менен бекитилүүгө тийиш.
5. Суроо-талаптарды аткарууда суралып жаткан Тараптын улуттук мыйзамдары колдонулат.
6. Прокурордун санкциясын же соттун чечимин талап кылбаган ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү жөнүндө суроо-талаптарды аткаруу Тараптардын улуттук мыйзамдарына жана ушул Макулдашууга ылайык жүзөгө ашырылат.
7-берене. Көмөк көрсөтүүдөн баш тартуу
1. Эгерде суралып жаткан Тарап суроо-талапты аткаруу өз мамлекетинин эгемендигине, аймактык бүтүндүгүнө, улуттук коопсуздугуна, коомдук тартибине же болбосо өз мамлекетинин аймагында юридикалык күчкө ээ болгон соттун чечимине же анын мамлекети катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерден келип чыгуучу милдеттенмелерге зыян келтириши мүмкүн деп эсептесе, ушул Макулдашуу боюнча көмөк көрсөтүүдөн толугу менен же жарым-жартылай баш тартылат.
2. Мүмкүнчүлүк болгон учурда, суралып жаткан Тарап ушул берененин 1-пунктуна ылайык көмөк көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алганга чейин суралып жаткан Тарап зарыл деп эсептелген шарттар сакталган учурда көмөк көрсөтүлүшү мүмкүндүгү тууралуу маселени карап чыгуу үчүн сурап жаткан Тарап менен консультацияларды жүргүзөт. Сурап жаткан Тарап жардам көрсөтүү шарттарын сактоого тийиш.
3. Сурап жаткан Тарапка баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен суроо-талапты аткаруудан толук же жарым-жартылай баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндө билдирилет.
8-берене. Суроо-талапты аткаруу
1. Суралып жаткан Тарап суроо-талаптын тез жана мүмкүн болушунча толук аткарылышын камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө тийиш.
Сурап жаткан Тарапка суроо-талаптын аткарылышына тоскоол болгон же анын аткарылышын олуттуу түрдө кечиктирген ар кандай жагдайлар жөнүндө токтоосуз билдирилет.
2. Эгерде суроо-талапты аткаруу суралып жаткан Тараптын компетенциясына кирбесе, ал сурап жаткан Тарапка бул тууралуу тез арада билдирет.
3. Суралып жаткан Тарап суроо-талапты талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл болгон кошумча маалыматтарды өз ыктыяры боюнча сурай алат.
Сурап жаткан Тараптын өтүнүчү боюнча суралып жаткан Тарап, эгерде бул суралып жаткан Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына каршы келбесе, ыйгарым укуктуу өкүлдөр зарыл болгон учурда суралып жаткан Тараптын макулдугу менен жана анын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык суроо-талапты аткарууга катышуусу үчүн суроо-талапты аткаруунун убактысы жана орду жөнүндө өз убагында кабарлайт.
4. Эгерде суралып жаткан Тарап суроо-талапты дароо аткаруу анын мамлекетинде жүзөгө ашырылып жаткан жазык куугунтугуна же башка өндүрүшкө тоскоол болушу мүмкүн деп эсептесе, ал суроо-талаптын аткарылышын кийинкиге калтырышы же анын аткарылышын сурап жаткан Тарап менен консультацияларды өткөрүүдөн кийин зарыл деп аныкталган шарттарды аткаруу менен байланыштырышы мүмкүн. Эгерде сурап жаткан Тарап сунушталган шарттарда ага көмөк көрсөтүлүшүнө макул болсо, ал ошол шарттарды сактоого тийиш.
5. Суралып жаткан Тарап сурап жаткан Тараптын өтүнүчү боюнча суроо-талаптын келип түшкөн фактысынын, бул суроо-талаптын жана ага тиркелген документтердин мазмунунун, ошондой эле көмөк көрсөтүлгөндүгүнүн фактысынын купуялуулугун камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрөт.
Эгерде купуялуулукту сактоо менен суроо-талапты аткаруу мүмкүн болбосо, суралып жаткан Тарап сурап жаткан Тарапка бул тууралуу кабарлайт, ал суроо-талапты мындай шарттарда аткаруу керектиги же керек эместиги боюнча чечим кабыл алат.
6. Суралып жаткан Тарап сурап жаткан Тарапка суроо-талаптын аткарылышынын натыйжалары жөнүндө мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө кабарлайт.
7. Суроо-талапты аткарууда суралып жаткан Тараптын улуттук мыйзамдары колдонулат.
9-берене. Жеке маалыматтарды коргоо
Тараптардын ортосунда жеке маалыматтар менен өз ара алмашуу жөнөтүүчү Тарап аныктаган шарттарды жана төмөнкүдөй принциптерди сактоо менен жүзөгө ашырылат:
а) Тараптар жеке маалыматтарды так аныкталган юридикалык максаттар үчүн гана жана Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык алар суралган максаттар үчүн гана иштетет. Маалыматтарды иштетүүгө карата талаптар суралып жаткан Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарынын талаптарына ылайык келиши керек жана аларды чогултуу максаттарынан ашпашы керек;
б) алуучу Тарап жөнөтүүчү Тарапка суроо-талаптын негизинде берилген маалыматтардын колдонулгандыгы жөнүндө маалымдайт;
в) жөнөтүүчү Тарап маалыматтын ишенимдүү жана так болушуна кепилдик берет;
г) эгерде берилген маалыматтар туура эмес экендиги же берилбеши керектиги же жөнөтүүчү Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык алар колдонулгандан кийин жок кылынышы керек экендиги аныкталса, кабыл алуучу Тарап жөнөтүүчү Тарап берген маалыматтын негизинде аларды оңдойт же жок кылат жана бул тууралуу жөнөтүүчү Тарапка дароо кабарлайт;
д) өткөрүп берилген, колдонулган маалыматтарды кабыл алуучу Тарап жок кылууга тийиш;
е) эгерде кабыл алуучу Тарапта өткөрүп берилген маалыматтар туура эмес же жок кылынууга тийиш деп эсептөөгө негиз болсо, ал бул тууралуу жөнөтүүчү Тарапка дароо кабарлашы керек;
ж) маалыматтарды алган Тарап алынган маалыматтарды аларга уруксатсыз жетүүдөн, өзгөртүүдөн же жайылтуудан натыйжалуу коргойт;
з) жөнөтүүчү жана кабыл алуучу Тараптар өткөрүп берилген маалыматтарды эсепке алууну жүргүзөт;
и) Тараптар өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык алардын контролунда болгон жана бири-бирине өткөрүп берилүүчү жеке маалыматтарды кокусунан же мыйзамсыз жок кылууну, өчүрүүнү, жоготууну, өзгөртүүнү, аларга уруксатсыз жетүүнү же ачыкка чыгарууну, ошондой эле алардын коопсуздугунун башкача бузулушун алдын алуу үчүн тиешелүү техникалык жана уюштуруу чараларын көрөт.
10-берене. Алынган маалыматты жана документтерди пайдаланууга чектөөлөр
1. Эгерде өткөрүп берүүчү Тарап аларды ачыкка чыгарууну ылайыксыз деп эсептесе, ар бир Тарап экинчи Тараптан алынган маалыматтын жана документтердин купуялуулугун камсыз кылат.
2. Берүүчү Тараптын макулдугусуз ушул Макулдашуунун негизинде алынган суроо-талапты аткаруунун жыйынтыктары алар суралган жана берилген максаттардан башка максаттарда колдонулушу мүмкүн эмес.
3. Ушул Макулдашуунун негизинде бир Тарап алган маалыматтарды үчүнчү тарапка өткөрүп берүү үчүн бул маалыматтарды берген Тараптын алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугу талап кылынат.
11-берене. Чыгымдар
Эгерде ар бир конкреттүү учурда башкача тартип макулдашылбаса, Тараптар ушул Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыгуучу чыгымдарды өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарында каралган каражаттардын чегинде өз алдынча көтөрөт.
12-берене. Тилдер
Тараптар ушул Макулдашуу боюнча кызматташууну жүзөгө ашырууда орус тилин колдонот. Бардык суроо-талаптар тиешелүүлүгүнө жараша азербайжан жана кыргыз тилдерине котормосу менен кыргыз жана азербайжан тилдеринде жөнөтүлүшү мүмкүн.
13-берене. Түз байланыш
Ушул Макулдашууну аткаруу менен байланышкан кечиктирилгис учурларда Тараптардын компетенттүү органдарынын жетекчилери зарыл болгон учурда, анын ичинде Интерполдун каналдары аркылуу дароо байланыша алышат.
14-берене. Интерпол аркылуу кызматташуу
Тараптар ошондой эле Эл аралык кылмыш полициясы уюму - Интерполдун тиешелүү улуттук борбордук бюролорунун ортосундагы кызматташуу чөйрөсүн кеңейтүүгө күч-аракетин жумшайт.
15-берене. Башка эл аралык келишимдерге карата катышы
Ушул Макулдашуунун жоболору Тараптардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган башка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу укуктарына жана милдеттенмелерине таасирин тийгизбейт.
16-берене. Пикир келишпестиктерди чечүү
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө же колдонууда келип чыгуучу ар кандай пикир келишпестиктер Тараптардын ортосунда дипломатиялык каналдар аркылуу консультацияларды өткөрүү аркылуу чечилет.
17-берене. Толуктоолор жана өзгөртүүлөр
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн, алар анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген өзүнчө протоколдор менен таризделет жана ушул Макулдашуунун 18-беренесинде белгиленген тартипте күчүнө кирет.
18-берене. Күчүнө кириши, колдонуу мөөнөтү жана колдонулушун токтотуу
1. Ушул Макулдашуу 5 (беш) жылдык мөөнөткө түзүлөт жана анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптар аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүү дипломатиялык каналдар аркылуу алынган күндөн тартып күчүнө кирет. Эгерде эч бир Тарап ушул Макулдашууну токтотуу ниети жөнүндө экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө анын мөөнөтү бүткөнгө чейин 6 (алты) айдан кечиктирбестен билдирбесе, ушул Макулдашуу кийинки беш жылдык мөөнөттөргө өзүнөн-өзү узартылып турат.
2. Ар бир Тарап ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндөгү билдирүү жөнөтүү менен анын колдонулушун токтото алат. Мындай учурда ушул Макулдашуунун колдонулушу бир Тарап экинчи Тараптан тиешелүү билдирүүнү алган күндөн тартып 6 (алты) ай өткөндөн кийин токтотулат. Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ушул Макулдашуунун колдонуу мөөнөтүндө берилген суроо-талаптарга таасирин тийгизбейт.
3. Ушул Макулдашуу күчүнө кирген датадан тартып 1992-жылдын 21-октябрында Киев шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Азербайжан Республикасынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы Кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү биргелешкен иштин негиздери жөнүндө келишим жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Азербайжан Республикасынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы Кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү биргелешкен иштин негиздери жөнүндө келишимге толуктоо күчүн жоготкон болуп эсептелет.
202___-жылдын "___" ______________ ___________________ шаарында эки түп нускада, ар бири кыргыз, азербайжан жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей аутенттүү болуп эсептелет. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда орус тилиндеги текст колдонулат.