Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 6-августу № 600-т
Кыргыз Республикасында текстиль тармагын өнүктүрүү жана жүн кластерин түзүү, ошондой эле мамлекеттик мүлктү натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 126 «Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн объекттерди ээликтен ажыратуу тартибин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн объекттерди ээликтен ажыратуу тартибинин 2, 3, 5, 27-пункттарына, «Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 14-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Токмок шаары, Фрунзе көчөсү, 1 дареги боюнча жалпы аянты 13,63 га жер тилкесинде жайгашкан (идентификациялык коддору: 7-10-08-0054-0116, 7-10-08-0054-0117) «Касиет» камволдук-ийрүү фабрикасынын өндүрүштүк базасы түрүндөгү мүлктүк комплексинин рыноктук наркын баалоо жол-жобосун жүргүзсүн;
2) ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн мамлекеттик мүлк объектисин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан уставдык капиталга салым катары киргизүү үчүн «Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду» ачык акционердик коомунун менчигине өткөрүп берүү боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги белгиленген тартипте:
1) «Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду» ачык акционердик коомунун уставдык капиталын ушул тескеменин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк объектисинин бааланган наркынын суммасына көбөйтсүн;
2) ушул тескемеден келип чыгуучу бардык зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. «Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду» ачык акционердик коомуна белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
1) акцияларды кошумча чыгарууну жүзөгө ашыруу жана аларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жабык жайгаштырууну камсыз кылуу;
2) ушул тескемеден келип чыгуучу бардык зарыл болгон чараларды көрүү.
4. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги белгиленген компетенцияларынын алкагында «Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду» ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан «Касиет» камволдук-ийрүү фабрикасынын өндүрүштүк базасын инженердик изилдөөгө жана инженердик изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча техникалык корутунду даярдоого көмөк көрсөтсүн.
5. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул тескеменин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк объектисине укуктардын өтүшүн белгиленген тартипте каттоону жүзөгө ашырсын.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |