Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 21-июлундагы № 500
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-1, 6, 7, 9-статьяларын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы № 497 "Киреше салыгын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Киреше салыгын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүн аныктоо тартибинде:
- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
"3) чет өлкөдө эмгек ишин жүзөгө ашырган жеке жактардын "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясынын 1-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөөсүн эсептөө үчүн өткөн календардык жылдагы республика боюнча орточо айлык эмгек акынын өлчөмүн.".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 729 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө нускамада:
1) 2-пункттун 29-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 5-пункттун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 5-1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-1. Тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк ишти жүзөгө ашырган ишкердик субъекттери, ошондой эле аларда иштеген жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү 2030-жылдын 1-январына чейин ай сайын өткөн календардык жылда райондо же шаарда түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан эсептелет.";
4) 5-2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 5-6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-6. Футбол чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюмдардын кызматкерлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө ай сайын орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн жүргүзүлөт.
Футбол чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюмдар:
а) "Кыргыз футбол союзу" юридикалык жактардын бирикмеси (мындан ары - КФС), ошондой эле анын мүчөлөрү болгон юридикалык жактар;
б) КФС тарабынан бекитилген тизмекке ылайык кесиптик футбол клубдары жана/же футбол академиялары (менчигинин түрүнө карабастан);
в) футбол стадиондорунун менчик ээлери же мыйзамдуу ээлери болуп саналган, КФСтин лицензиясына (сертификатына) ээ болгон уюмдар, көрсөтүлгөн стадиондорду эксплуатациялоо жана күтүү менен түздөн-түз байланышкан иш бөлүгүндө.";
6) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Эгерде камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ар айлык өлчөмү 5-пункттун 1, 2-пунктчаларына ылайык эсептелген суммадан орточо айлык акынын өлчөмүнүн тиешелүүлүгүнө жараша 60 же 100 пайызынан аз болсо, анда кызматкер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө, кармоо жана төгүү иш жүзүндөгү ЭТФдан жана эмгек акы төлөөнүн кошумча фондунан иш берүүчү тарабынан жүргүзүлөт. Мында кызматкер үчүн белгиленген камсыздандыруу төгүмдөрү иш берүүчү тарабынан иш жүзүндө эсептелген эмгек акыдан эсептелет, кармалат жана төгүлөт.
Календардык ай үчүн иш берүүчү жана кызматкер тарабынан бир камсыздандырылган адамдын пайдасына төлөнүүгө тийиш болгон камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жыйынды суммасы "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонулуучу тарифтерге жана суммалардын фонддор боюнча бөлүштүрүлүшүнө карабастан, өткөн календардык жыл үчүн республикада түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын жыйырма эселенген өлчөмүнөн эсептелген суммадан ашпоого тийиш.
Кызматкерлердин категориялары үчүн эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чектүү чоңдугун эсептөө.
Мисалы:
1) (31604 сом * 20 * 27,25%) = 172242 сом;
001 - негизги кызматкер (31604 сом * 20 * 27,25%) = 172242 сом;
003 - пенсионер (31604 сом * 20 * 25,25%) = 159600 сом;
100 - I-II топтогу майып (31604 сом * 20 * 17,25%) = 109033 сом;
2) (31604 сом * 20 * 12,25%) = 77430 сом;
001 - негизги кызматкер (31604 сом * 20 * 12,25%) = 77430 сом;
003 - пенсионер (31604 сом * 20 * 10,25%) = 64788 сом;
100-I -II топтогу майып (31604 сом * 20 * 3,25%) = 20543 сом;
3) (31604 сом * 20 * 10%) = 63208 сом.
105 - гонорарлар, сый акылар;
- юридикалык жакты түзбөстөн өз ишин жүзөгө ашырган, берилген лицензиялардын негизинде иштеген, ошондой эле гонорар (сый акы) алган жеке жактар, мында:
- 31604 сом - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык өткөн календардык жылда республика боюнча орточо айлык эмгек акы (ОАЭ);
- 20 эселенген ОАЭ;
- 27,25%, 12,25%, 10% - "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 2-2, 7-статьяларына ылайык тарифтердин ставкалары;
- 001, 003, 100, 105 - кызматкерлердин категориялары.
Ошол эле учурда киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчеттордо иш жүзүндөгү эмгек акы фонду чагылдырылат.
Эгерде календардык ай үчүн иш берүүчү жана кызматкер тарабынан бир камсыздандырылган адамдын пайдасына төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жыйынды суммасы эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чектүү чоңдугунан ашса, анда бул суммалардын айырмасы киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчеттордо чагылдырылбайт.";
7) 15-пункттун 3-пунктчасындагы "10" деген цифралар "6" деген цифрага алмаштырылсын;
8) 19-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү-алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"Районду алмаштыруу үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз берилгенде, киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчеттуулукту берүү тартиби кайрылган датага көз каранды:
- айдын 15ине чейин учурдагы мезгил үчүн отчет мурдагы катталган жери боюнча салык органына берилет;
- айдын 15инен кийин отчет жаңы турган жери боюнча берилет.";
9) 22-1-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22-1. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр эсептешүү ведомостунун реквизиттерин толтурууга карата/киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчеттордо төмөнкүдөй талаптарды сактоого тийиш:";
10) 44-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"44. Айыл чарба кооперативине ижарага берилген жер участоктору (үлүштөрү) үчүн айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрүнүн камсыздандыруу төгүмдөрү ижарачы тарабынан укук белгилөөчү документ менен белгиленген жер участокторуна ылайык төгүлөт, ал ижарага берүүчүнүн (кооперативдин мүчөлөрүнүн) өздүк камсыздандыруу эсептерине бөлүштүрүлөт.
Мисалы:
Ош облусунун Араван районунда жайгашкан, юридикалык жакты түзбөгөн "Ашымов Максат" дыйкан (фермердик) чарбасы (ижарага берүүчү) "Келечек" айыл чарба кооперативинин (ижарачы) мүчөсү болуп саналат жана 10 га сугат жерин бул айыл чарба кооперативине ижарага берет.
Укук белгилөөчү документтерге ылайык жердин жалпы аянты - 10 га сугат жери Ашымов Максаттын үй-бүлөсүнүн үч мүчөсүнө менчик укугунда катталган жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда төмөнкүдөй үлүштөрдө бөлүштүрүлөт:
- 4 га жер участогу менчик укугунда Ашымов Максатка (үй-бүлө башчысы);
- 4 га жер участогу Ашымова Миргүлгө (үй-бүлө башчысынын жубайы);
- 2 га жер участогу Ашымова Гүлзатка (үй-бүлө башчысынын кызы) таандык.
Ижарачы - "Келечек" айыл чарба кооперативи ижарага берүүчүлөр (кооперативдин мүчөлөрү) үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн камсыздоочунун региондук органынын эсебине төлөйт. Ижарачы ("Келечек" айыл чарба кооперативи) төккөн камсыздандыруу төгүмдөрү жер үлүштөрүнө пропорциялуу түрдө ижарага берүүчүнүн (жеке жак - Ашымов Максаттын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн) өздүк камсыздандыруу эсептерине киргизилет.
2017-жылдан 2025-жылдын июнь айына чейинки мезгилде айыл чарба кооперативдери тарабынан жеке жак (ижарага берүүчү) үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөнүшү төмөнкүдөй эсептелет: