Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 8-августу № 530
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагында жайгашкан жер тилкелерин "Айыл чарба багытындагы жерлер" жана "Мамлекеттик токой фондунун жерлери" категорияларынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагында Асман экологиялык таза шаарын долбоорлоо жана куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2026-жылдын 1-июлундагы № 01-24/4321 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 29-июнундагы № 69 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18, 102-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын төмөнкү: № 2411, 2429, 2431, 2432, 2433, 2434, 2437, 2441, 2443, 2444, 2445, 2446, 2450, 2458, 2460, 2461, 2462, 2463, 2464, 2466, 2467, 2469, 2470, 2471, 2473, 2474, 2475, 2476, 2477, 2485, 2486, 2487, 2488, 2489, 2490, 2491, 2492, 2494, 2510, 2513, 2516, 2517, 2519, 2520, 2521, 2522, 2523, 2524, 2525, 2526, 2527, 2528, 2529, 2530, 2531, 2533, 2534, 2535, 2536, 2537, 2538, 2539, 2540, 2541, 2542, 2543, 2544, 2545, 2546, 2547, 2548, 2549, 2550, 2551, 2553, 2555, 2556, 2557, 2572, 2573, 2574, 2575, 2576, 2577, 2584, 2585, 2593, 2598, 2599, 2600, 2601, 2602, 2603, 2604, 2605, 2607, 2609, 2610, 2611, 2612, 2613, 2615, 2616, 2617, 2637, 2638, 2640, 2641, 2642, 2768, 2769 контурларында жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган жалпы аянты 653,87 га жер тилкелери "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан (457,99 га) жана "Мамлекеттик токой фондунун жерлери" категориясынан (195,88 га) "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкелеринин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоо менен иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
3) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкелерин максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
4) жамгырдын жана эриген кардын сууларын коопсуз буруу системасынын иштөөсүн, жер титирөөдөн коргоо боюнча башкы планда каралган иш-чараларды, ошондой эле тиешелүү аймакта кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү жана болжолдоо боюнча колдонмону сактоону;
5) аймактын инфраструктурасынын, жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштөөсүн жана өнүгүүсүн, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү бюджеттик жана инвестициялык каражаттарынын эсебинен уюштурууну;
6) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкелери пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда, аларды баштапкы абалына келтирүү каралган чараларды көрүүнү;
7) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкелеринде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда аларды коргоо, археологиялык изилдөөлөр, казуулар жана документтештирүү, ошондой эле маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын оң корутундусун алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү; жер казуу жана курулуш иштерин жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык археологиялык көзөмөл жүргүзүү үчүн археолог адисти тартууну;
8) "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык автомобиль жолунун бөлүнгөн тилкесин техникалык тейлөөнү, ошондой эле электр тармактарын коргоо эрежелерине ылайык аба электр линияларын коргоо зоналарын сактоону уюштурууну;
9) Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарына ылайык чарбалык жана башка ишти жүзөгө ашырууда экологиялык талаптарды сактоону;
10) санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин талаптарын, ошондой эле жарандык авиация жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоону.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 11-августундагы № 60 (3820) саны менен жарыяланды.