Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 20-июлу № 543-т
100 пайыз мамлекеттик катышуу үлүшү бар "Кыргызполиметалл" жоопкерчилиги чектелген коомунун өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 472 "Мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъекттер тарабынан жер казынасын пайдаланууга берилген укуктарды ишке ашыруу боюнча инвесторлор менен биргелешкен иш жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъекттер тарабынан жер казынасын пайдаланууга берилген укуктарды ишке ашыруу боюнча инвесторлор менен биргелешкен иш жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө жобонун 1-2-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Кыргызполиметалл" жоопкерчилиги чектелген коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- "ЛонгШао Групп" жоопкерчилиги чектелген коому менен Тегермач жана Марал-Кечит участокторунда жер казынасын пайдалануу укуктарын ишке ашыруу боюнча кызматташуу жөнүндө маселени кароо;
- бул тескемеден келип чыгуучу чараларды көрүү;
- кызматташуу жөнүндө макулдашууну иштеп чыгууда "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын жетекчиликке алуу.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |