Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-августундагы № 544 токтомуна)
Мамлекеттик суу кадастрын жүргүзүү тартиби
жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик суу кадастрын жүргүзүү тартиби жөнүндө бул жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Суу кодексине ылайык иштелип чыкты жана мамлекеттик суу кадастрын (мындан ары – МСК) жүргүзүүнүн тартибин аныктайт, ошондой эле МСКны жүргүзүүдө жана маалыматтарын пайдаланууда мамлекеттик органдардын, суу пайдалануучулардын жана башка кызыкдар тараптардын укуктарын жана милдеттерин ажыратат.
2. МСК суу ресурстарын башкаруу, суу чарбасын өнүктүрүүнү пландоо, суу фондун сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо үчүн зарыл маалымат менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.
3. МСК бирдиктүү система боюнча жүргүзүлөт жана төмөнкүлөр тууралуу системалаштырылган расмий маалыматтардын жыйындысын билдирет:
1) суу объектилеринин жана суу ресурстарынын абалы жана пайдаланылышы;
2) суу пайдалануучулар;
3) жер үстүндөгү суулардын көлөмү жана сапаты;
4) жер астындагы суулардын көлөмү жана сапаты;
5) суулардын режими, сапаты жана пайдаланылышы;
6) суу фондунун жерлери;
7) суу чарба курулмалары;
8) тарыхый-маданий мурас объекттери (болгон учурда).
4. МСКнын маалыматтык дайындары жана маалыматтары Суу боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын (мындан ары – СБМС) курамдык бөлүгү болуп саналат.