Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУЮЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-августу № 544
Суу ресурстарын пайдаланууну мамлекеттик эсепке алуу
жана контролдоо чаралары жөнүндө
Суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну жана коргоону камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 87-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Мамлекеттик суу кадастрын жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасында сууну пайдаланууну мамлекеттик эсепке алууну жүргүзүү жана контролдоо тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтомду ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдар:
1) өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Бул токтомду ишке ашыруу тартылган мамлекеттик органдардын тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 14-августундагы № 61 (3821) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |