Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 29-июлу № 576-т
2024-жылдын 18-июлунда Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан курорттук-рекреациялык чарба объекттери жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Расмий тилде тиркелген төмөнкүлөр жактырылсын:
1) 2024-жылдын 18-июлунда Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан курорттук-рекреациялык чарба объекттери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу протоколдун долбоору 1-тиркемеге ылайык;
2) 2023-жылдын 29-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен «Узпромстройбанк» АКБ ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан «Бустон» пансионатынын бүтө элек курулушуна карата мүлктүк укуктарды жөнгө салуу жөнүндө макулдашуу боюнча укуктарды жана милдеттерди өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин долбоору 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги белгиленген тартипте:
1) Макулдашуунун алкагында объекттерди долбоорлоо жана куруу, ошондой эле уруксат берүүчү документтерди берүү бөлүгүндө көмөк көрсөтсүн;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте өзбек уюмдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан объекттерди реконструкциялоонун эл аралык стандарттарга шайкештигине мониторинг жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директоруна ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн долбоорлорго принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
1-тиркеме
2024-жылдын 18-июлунда Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан курорттук-рекреациялык чарба объекттери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
протокол
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү,
2024-жылдын 18-июлунда Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан курорттук-рекреациялык чарба объекттери жөнүндө макулдашуунун (мындан ары – Макулдашуу) 7-беренесин жетекчиликке алып,