Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 31-июлу № 585-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргыз-кытай өткөрүү пункттарын башкаруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргыз-кытай өткөрүү пункттарын башкаруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы (мындан ары – Тараптар) 1996-жылдын 6-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы мамлекеттик чек арада өткөрүү пункттарын ачуу жана алардын режими тууралуу макулдашууну жетекчиликке алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты.
1-берене. Жалпы жоболор
1. Эки өлкөнүн өткөрүү пункттарындагы өнүгүүнү синхрондоштуруу жана координациялоо, эки Тараптын өткөрүү пункттарынын иреттүү жана натыйжалуу иштешине көмөктөшүү, сооданы жана жүргүнчүлөрдүн агымын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында Тараптар Өткөрүү пункттарын башкаруу жаатында кызматташуу боюнча кыргыз-кытай комитетин (мындан ары – Комитет) түзүүнү чечти.
2. Комитет эки өлкөнүн өткөрүү пункттарын башкаруу жаатындагы кызматташуунун механизми болуп саналат жана өткөрүү пункттарын пландоо, куруу, эксплуатациялоо жана өнүктүрүү боюнча өз ара аракеттенүүгө жооп берет. Комитет ушул Макулдашууга ылайык өткөрүү пункттарын башкаруу жана өнүктүрүү менен байланышкан маселелерди чечет жана консультацияларды өткөрөт.
2-берене. Комитеттин курамы жана мүчөлөрү
1. Комитет Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык дайындалуучу Тараптардын мамлекеттеринин ар биринин жетекчисинен, жетекчинин орун басарынан жана мүчөлөрүнөн турат. Комитеттин курамына кирген мамлекеттик органдардын өкүлдөрү өз ара мамиле принцибинин негизинде аныкталат. Тараптар бул тууралуу бири-бирине өз убагында маалымдайт.
2. Комитеттин эки Тарабынын жетектөөчү ведомостволору:
– кыргыз тарап: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы;
– кытай тарап: Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы.
3. Тараптардын ар бири Комитетте өзүнүн улуттук өкүлчүлүгүнүн мүчөлөрүнүн курамын, анын ичинде зарылдыкка жараша тиешелүү министрликтердин (ведомстволордун) департтаменттеринен (башкармалыктарынан) төмөн эмес деңгээлде башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык түзөт.
Зарылдыкка жараша Комитет кызматташуунун конкреттүү маселелери боюнча жумушчу топторду түзө алат.