Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 17-августу № 554
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 708 «Жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилгенде камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча камсыздандыруунун ордун толтуруунун суммасын эсептөө методикасын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
«Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 708 «Жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилгенде камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча камсыздандыруунун ордун толтуруунун суммасын эсептөө методикасын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилгенде камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча камсыздандыруунун ордун толтуруунун суммасын эсептөө методикасында:
– 2-пункттун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 18-августундагы № 62 (3822) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |