Редакцияот 10.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

 

2026-жылдын 10-июлу № 472

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

 

Ветеринардык дары каражаттарын жүгүртүүнү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү талаптарды тартипке келтирүү жана оптималдаштыруу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 387 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюрократиядан арылтууга багытталган реформаларды андан ары ишке ашыруу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:

- 188-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"188. Ветеринардык дары каражаттарын өндүрүүнү (даярдоону) жана сатууну жүзөгө ашырууда лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:

1) ветеринардык дары каражаттарын өндүрүүнү (даярдоону) жүзөгө ашырууда:

- кызматкердин жогорку ветеринардык билиминин же ветеринария жаатында атайын орто кесиптик билиминин жана адистиги боюнча кеминде бир жылдык иш тажрыйбасынын болушу;

- жайдын санитардык-гигиеналык ченемдерге жана эрежелерге ылайык келиши;

- өндүрүштүн автономдуу жылытуусу, суу менен камсыздоосу, канализациясы же септик, кирүүчү-соруучу желдетүүсү, ошондой эле өрт сигнализация системасы же алгачкы өрт өчүрүү каражаттары болушу керек;

- өндүрүш боюнча жайлардын (цехтер, бөлүмдөр) болушу;

- лабораториялык идиштерди, азыктандыруучу чөйрөлөрдү, шаймандарды стерилизациялоо, микробдук культураларды, инфекцияланган материалды жана башка биологиялык калдыктарды зыянсыздандыруу (жугушсуздандыруу) үчүн автоклавдын болушу;

- өндүрүш калдыктарын жана саркынды сууларды зыянсыздандыруу системаларынын болушу;

- административдик-тиричилик зонасын кошпогондо, кампанын аймагы (кампа жайы) 25 кв.метрден кем болбоого тийиш;

- административдик-тиричилик зонасынын болушу (кызматтык, гардероб, тамактануу үчүн бөлмө, санитардык түйүн);

- өндүрүш зонасынын дубалдары жана полдору механикалаштыруу каражаттарынын таасирине жана жуучу дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен нымдуу тазалоого туруктуу каптамага ээ болушу керек;

- вакциналарды сактоо үчүн конкреттүү вакцинаны колдонуу боюнча нускамада көрсөтүлгөн талаптарга ылайык сактоонун температуралык режимин сактоону камсыздоочу муздаткыч камеранын болушу;

- сактоо үчүн зонада ветеринардык дары каражаттарынын нускамасында аныкталган абанын температурасы жана нымдуулугу милдеттүү түрдө кармалышы керек.

Айлана-чөйрөнүн температурасын жана нымдуулугун каттоо үчүн приборлор жайдын ички дубалдарына жылытуучу приборлордон алыс, полдон 1,5-1,7 м бийиктикте жана эшиктерден 3 м кем эмес аралыкта бекитилет. Биологиялык ветеринардык препараттарды сактоо үчүн муздаткычтарда термометр, ал эми кампаларда (кампа жайларында) психрометр болушу керек.

Ветеринардык препараттарды сактоонун температуралык-нымдуулук режимин өлчөө каражаттарынын көрсөткүчтөрү датасын, катталуучу көрсөткүчтүн иш жүзүндөгү маанисин (нымдуулук үчүн: кургак жана нымдуу термометрлердин көрсөткүчтөрү, салыштырмалуу нымдуулуктун мааниси) көрсөтүү менен, жооптуу адамдын колу коюлуп атайын журналдарда катталуусу зарыл.

Журналга номер коюлуп, боо өткөрүлүп байланууга жана уюмдун мөөрү менен бекитилүүгө тийиш;

- ветеринардык дары каражаттарын башка химиялык, биологиялык каражаттар (заттар) жана ветеринардык эмес багыттагы препараттар менен бирге өндүрүүнү жана сактоону болтурбоо;

2) ветеринардык дары препараттарын дүңүнөн сатууну (кампа жайларында) жүзөгө ашырууда:

- кызматкердин жана (же) арыз ээсинин жогорку ветеринардык билиминин жана адистиги боюнча бир жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу;

- ветеринардык дары каражаттарын башка химиялык, биологиялык каражаттар (заттар) жана ветеринардык эмес багыттагы препараттар менен бирге сактоону жана сатууну болтурбоо;

- кампалар (кампа жайлары) ветеринардык дарыкана менен бир даректеги капиталдык курулуштардын обочолонгон турак эмес жайларында же ветеринардык дарыканадан өзүнчө жайгашуусу керек;

- административдик-тиричилик зонасын кошпогондо, кампанын (кампа жайынын) аянты 20 кв.метрден кем болбоого тийиш;

- кампа зонасынын дубалдары жана полдору механикалаштыруу каражаттарынын таасирине жана жуучу дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен нымдуу тазалоого туруктуу каптамага ээ болушу керек;

- вакцинаны сактоо үчүн - муздаткыч камерасынын болушу, сактоонун температуралык режими конкреттүү вакцинанын колдонуу боюнча нускамада көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келиши керек;

- поддондун болушу;

- сактоо үчүн зонада ветеринардык дары каражаттарынын нускамасында аныкталган абанын температурасы жана нымдуулугу милдеттүү түрдө кармалышы керек. Сактоо режимдерин текшерүү суткасына бир жолудан кем эмес жүргүзүлүшү керек.

Айлана-чөйрөнүн температурасын жана нымдуулугун каттоо үчүн приборлор жайдын ички дубалдарына жылытуучу приборлордон алыс, полдон 1,5-1,7 м бийиктикте жана эшиктерден 3 м кем эмес аралыкта бекитилет. Биологиялык ветеринардык препараттарды сактоо үчүн муздаткычтарда термометр, ал эми кампаларда (кампа жайларында) психрометр болушу керек.

Ветеринардык препараттарды сактоонун температуралык-нымдуулук режимин өлчөө каражаттарынын көрсөткүчтөрү датасын, катталуучу көрсөткүчтүн иш жүзүндөгү маанисин (нымдуулук үчүн: кургак жана нымдуу термометрлердин көрсөткүчтөрү, салыштырмалуу нымдуулуктун мааниси) көрсөтүү менен, жооптуу адамдын колу коюлуп атайын журналдарда катталуусу зарыл.

Журналга номер коюлуп, боо өткөрүлүп байланууга жана уюмдун мөөрү менен бекитилүүгө тийиш;

- ветеринардык кампа жайгашкан имараттын фасадында анын аталышы, таандыктыгы жана иштөө режими көрсөтүлгөн мамлекеттик жана расмий тилдердеги көрнөк илинет;

- кондиционердин (кыш/жай) болушу;

3) ветеринардык дарыканаларда ветеринардык дары каражаттарын чекене сатууну жүзөгө ашырууда:

- кызматкердин жана (же) арыз ээсинин ветеринария жаатындагы жогорку же орто кесиптик билиминин болушу;

- ветеринардык дары каражаттарын башка химиялык, биологиялык каражаттар (заттар) жана ветеринариялык эмес багыттагы препараттар менен бирге сактоону жана сатууну болтурбоо;

- ветеринардык дары каражаттарын чекене сатуу башка багыттагы жайлардан обочолонгон ветеринардык дарыканаларда жүзөгө ашырылат.

Чекене сатуу жүзөгө ашырылуучу ветеринардык дарыкананын аянты кеминде 10 кв.м кем болбоого жана керектөөчүлөрдү тейлөө зонасынын болушу каралууга тийиш.

Ветеринардык дарыкана өзүнчө имаратта жайгашкан учурда административдик-тиричилик зонасынын (гардероб, кол жуугуч) болушу зарыл;

- ветеринардык дарыкана жайгашкан имараттын фасадында анын аталышы, таандыктыгы жана иштөө режими көрсөтүлгөн мамлекеттик жана расмий тилдердеги көрнөк илинет;

- вакциналарды сактоо үчүн муздаткычтын болушу зарыл.

Сактоонун температуралык режими конкреттүү вакцинаны колдонуу боюнча нускамада көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келиши керек.

Айлана-чөйрөнүн температурасын жана нымдуулугун каттоо үчүн приборлор жайдын ички дубалдарына жылытуучу приборлордон алыс, полдон 1,5-1,7 м бийиктикте жана эшиктерден 3 м кем эмес аралыкта бекитилет.

Ветеринардык препараттарды сактоонун температуралык-нымдуулук режимин өлчөө каражаттарынын көрсөткүчтөрү датасын, катталуучу көрсөткүчтүн иш жүзүндөгү маанисин (нымдуулук үчүн: кургак жана нымдуу термометрлердин көрсөткүчтөрү, салыштырмалуу нымдуулуктун мааниси) көрсөтүү менен, жооптуу адамдын колу коюлуп атайын журналдарда катталуусу зарыл.

Журналга номер коюлуп, боо өткөрүлүп байланууга жана уюмдун мөөрү менен бекитилүүгө тийиш;

- витринанын болушу;

- кондиционердин (кыш/жай) болушу.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.