Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-июну № 14/115
Гавриловка айылынын Новая көчөсүндө жайгашкан жайыт
категориясындагы жер тилкелеринин ижарага берилишинин
мыйзамдуулугу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын, ошондой эле жер мыйзамдарынын талаптарын жетекчиликке алып, Романовка айылынын Новая көчөсүндө жайгашкан жайыт категориясындагы жер тилкелеринин ижарага берилишинин мыйзамдуулугу маселесин карап чыгып, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айылынын Новая көчөсүндө жайгашкан жайыт категориясындагы жер тилкелеринин ижарага берилиши Кыргыз Республикасынын жер жана жайыт мыйзамдарынын талаптарына ылайык текшерилсин.
2. Гавриловка айыл өкмөтүнө төмөнкү иштерди жүргүзүү тапшырылсын:
-ижарага берилген жер тилкелери боюнча бардык укук белгилөөчү документтерди;
-ижара келишимдеринин мыйзамдуулугун;
-жер тилкелеринин категориясынын өзгөртүлгөндүгү же өзгөртүлбөгөндүгү жөнүндө маалыматтарды;
-жайыт жерлерин пайдалануунун мыйзам талаптарына шайкештигин текшерүү.
3. Эгерде текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталса, аларды жоюу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлсүн жана материалдар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жөнөтүлсүн.
4. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат Гавриловка айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында каралсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айыл өкмөтүнүн жер адисине жүктөлсүн.
6. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 24-августундагы https://www.gavrilovka.gov.kg/ky/document_more/?id=137 расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Б.М.Мамыркулов |