Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-августу № 541
Медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын
мамлекеттик каттоо тартибин бекитүү жөнүндө
«Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17, 18, 20-беренелерин, 2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында дары каражаттарын жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын мамлекеттик каттоо тартиби (мындан ары – Тартип) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Тартипке ылайык дары каражаттарын мамлекеттик каттоо жана дары каражатынын каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү 2027-жылдын 31-декабрына чейин жүргүзүлөт деп белгиленсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-мартындагы № 136 «Медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын каттоо, каттоону ырастоо жана каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июлундагы № 398 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-мартындагы № 136 «Медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын каттоо, каттоону ырастоо жана каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-октябрындагы № 598 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-мартындагы № 136 «Медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын каттоо, каттоону ырастоо жана каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-августундагы № 463 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-мартындагы № 136 «Медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын каттоо, каттоону ырастоо жана каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 14-августундагы № 61 (3821) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |