Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУУ РЕСУРСТАРЫ, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИНИН
БУЙРУГУ
2026-жылдын 2-июлу № 05/2-17/180
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин “Кыргыз спутник” ачык акционердик коомунун уставын бекитүү жөнүндө” 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 05/2-17/95 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-июнундагы № 414 «Кыргыз спутник» ачык акционердик коомун «Кыргыз асман» ачык акционердик коому деп кайра атоо жөнүндө токтомунун 3-пунктун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө жобонун 14-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары – Министрлик) “Кыргыз спутник” ачык акционердик коомунун уставын бекитүү жөнүндө 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 05/2-17/95 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункттагы “Кыргыз спутник” деген сөздөр “Кыргыз асман” деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган буйруктун тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Министрликтин санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү бөлүмү:
– ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булактары жөнүндө” токтомуна ылайык анын расмий жарыяланышын камсыз кылсын;
– ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде анын көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жана электрондук түрдө, жарыяланган булагы жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;
– ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде анын көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо санариптештирүү маселелерин тейлеген министрдин орун басарына жүктөлсүн.
Министрдин милдетин убактылуу аткаруучу, министрдин биринчи орун басары |
|
Илич Марсбек уулу |
“Кыргыз асман” ачык акционердик коомунун
УСТАВЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. “Кыргыз асман” ачык акционердик коому (мындан ары – Коом) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын “Акционердик коомдор жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына жана белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык түзүлгөн коммерциялык уюм болуп саналат.
2. Коом өз ишмердүүлүгүн ушул Уставдын жана Кыргыз Республикасынын акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарынын талаптарынын негизинде жүзөгө ашырат.
3. Коом Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалык жак катары түзүлгөн болуп эсептелет жана ишмердүүлүк мөөнөтү чектелбестен түзүлөт.
4. Коомдун толук аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз асман” ачык акционердик коому;
– расмий тилде: открытое акционерное общество «Кыргыз асман»;
– англис тилинде: «Kyrgyz asman» Open Joint Stock Company.
5. Коомдун кыскартылган аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргызасман”ААК;
– расмий тилде: ОАО «Кыргыз асман»;
– англис тилинде: «Kyrgyz asman» OJSC.
6. Коомдун жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96а.
7. Коом кыргыз жана орус тилдеринде фирмалык аталышы көрсөтүлгөн тегерек мөөргө, штамптарга, бланктарга белгиленген тартипте катталуучу эмблемага, товардык белгиге жана башка индивидуалдаштыруу каражаттарына ээ болууга укуктуу.
8. Коом белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары туунду жана көз каранды коомдорду, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө укуктуу.
2-глава. Уюштуруучу жана жалгыз акционер
9. Коомдун уюштуруучусу жана жалгыз акционери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп саналат (мындан ары – Жалгыз акционер).
10. Жалгыз акционердин укуктарын ишке ашыруу функцияларын Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги (мындан ары – Ыйгарым укуктуу орган) берилген ыйгарым укуктардын чегинде жана Кыргыз Республикасынын акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.
11.Жалгыз акционердин чечимдери Кыргыз Республикасынын акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жазуу жүзүндө таризделет.
3-глава. Коомдун юридикалык макамы, укуктары жана жоопкерчилиги
12. Коом юридикалык жак болуп саналат, обочолонгон мүлккө ээ, өз алдынча балансы бар, Кыргыз Республикасынын аймагындагы жана анын чегинен тышкары банктарда эсептик, валюталык жана башка эсептерге ээ.
13. Коом өз атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды, милдеттенмелерди алууга, бүтүмдөрдү түзүүгө, сотто доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
14. Коом өз милдеттенмелери боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык өндүрүп алууга багытталышы мүмкүн болгон бардык өзүнө таандык мүлк үчүн жоопкерчилик тартат.
15. Коом, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо. мамлекеттин милдеттенмелери боюнча, ошондой эле мамлекет да Коомдун милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
16. Жалгыз акционер Коомдун милдеттенмелери боюнча жооп бербейт жана өзүнө таандык акциялардын наркынын чегинде чыгымдардын тобокелдигин тартат.
17. Эгерде Коомдун төлөөгө жөндөмсүздүгү (банкроттугу) Жалгыз акционердин же Коом үчүн милдеттүү көрсөтмөлөрдү берүүгө укуктуу, же башкача жол менен анын иш-аракеттерин аныктоочу башка адамдардын аракеттеринен (аракетсиздигинен) келип чыкса, мындай адамдарга Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте субсидиардык жоопкерчилик жүктөлүшү мүмкүн.
18. Мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын Коомдун чарбалык ишине кийлигишүүсүнө, Кыргыз Республикасынын жарандык жана кылмыш-жаза мыйзамдарында белгиленген компетенциянын чегинде контролдоо жана көзөмөл жүргүзүү учурларын кошпогондо, жол берилбейт.