Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 14-августу № 625-т
2025-жылдын 29-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Алтын Жол эл аралык соода-логистикалык компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы «Кыргызстанда интеллектуалдык инфраструктурасы менен «Азия – Европа Алтын Жол» комплекстүү логистикалык паркы» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууну ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 8-беренесинин 3-бөлүгүнө, 28-беренесинин 2-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясы:
1) Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл аймагынын № 2 контурунда жайгашкан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясындагы мамлекеттик менчикте турган жалпы аянты 30,0 га жер тилкесин комплекстүү индустриялык-логистикалык паркты куруу үчүн 49 (кырк тогуз) жылдык мөөнөткө «Алтын Жол эл аралык соода-логистикалык компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомуна мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берсин;
2) «Алтын Жол эл аралык соода-логистикалык компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коому менен 49 жылдык мөөнөткө жер тилкесин ижарага берүү келишимин түзсүн;
3) ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу пайдаланууну жана ижара төлөмдөрүн өз убагында төлөөнү контролдоону камсыз кылсын;
4) ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескеменин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн жер тилкесин убактылуу пайдалануу (ижарага алуу) укугун «Алтын Жол эл аралык соода-логистикалык компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомуна белгиленген тартипте каттасын.
3. «Алтын Жол эл аралык соода-логистикалык компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомуна төмөнкүлөрдү камсыз кылуу сунушталсын:
1) ушул тескеменин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн жер участогун максаттуу пайдаланууну;
2) «Кыргызстанда интеллектуалдык инфраструктурасы менен «Азия – Европа Алтын Жол» комплекстүү логистикалык паркы» инвестициялык долбоорунун объекттеринин курулушун ижара келишиминде жана долбоордук документтерде белгиленген мөөнөттөрдө аяктоону;
3) Кыргыз Республикасынын жер, шаар куруу, экологиялык жана башка мыйзамдарынын талаптарын сактоону.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |