Редакцияот 24.09.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 24-сентябры № 714-VIII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2026-жылдын

24-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши токтом кылат:

 

1.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2026-жылдын 24-сентябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:

«Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин токтомунун долбоору тууралуу;

«Шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана өткөрүү практикасы, шайлоо укуктарын камсыз кылуу жана жарандардын укуктук маданиятын жогорулатуу, шайлоо мыйзамдарын аткаруу чаралары жана аны өркүндөтүү боюнча мыйзамдык сунуштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын 2025-жыл үчүн баяндамасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин токтомунун долбоору тууралуу;

«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу»Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы экологиялык жагдайга, абаны тазалоо үчүн жабдууну берүүнү кечеңдетүү жана заводдордун иштөөсү боюнча маселелерге иликтөө жүргүзүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө;

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын, фракциясынын, комитетинин жана депутаттык тобунун фонддору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 3-декабрындагы № 83-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

2026-жылдын 24-сентябрында https://kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/8308 расмий сайтында жарыялынды

 

 

Төрага

М.А. Маматалиев