Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 5-августу № 596-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 21-январындагы № 11 тескемесин ишке ашыруу максатында, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнө, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 25 тиркемесинин 31-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-мартындагы № 165-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
«31. Мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, ошондой эле уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү 50 жана андан ашык пайызды түзгөн чарбакер коомдорго товарларды сатып алууда ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн өнөр жай продукциясына артыкчылык берүү жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 301 «Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибин бекитүү тууралуу» токтомунда каралган учурларда жана тартипте келишимдерди түздөн-түз түзүү аркылуу аны сатып алуу сунушталсын.»;
2) жогоруда аталган тескеменин тиркемесинде:
– «Курулуш материалдары» бөлүмү:
төмөнкүдөй мазмундагы 3267-пункт менен толукталсын:
3267 | «Егоза» армирленген тикендүү лентасы | 25.93.12 | 7314419000 |
төмөнкүдөй мазмундагы 3491-пункт менен толукталсын:
3491 | РЕ100 полиэтиленден жасалган басым түтүктөрү | 22.21.21 | 3917 3917219009 |
төмөнкүдөй мазмундагы 39018–39019-пункттар менен толукталсын:
39018 | Газ-бетондон жасалган армирленбеген дубал блоктору | 23.61.11 | 6810111000 |
39019 | Бышкан кирпич | 23.32.11 | 6904100000 |
– «Машина куруу, электр жабдуулары» бөлүмү:
төмөнкүдөй мазмундагы 4141-пункт менен толукталсын:
4141 | Жылытуу от казандары | 25.62.0 | 8403109000 |
төмөнкүдөй мазмундагы 4621-пункт менен толукталсын:
4621 | Электр кыймылдаткычы бар шаар автобусу | 29.10.1 | 8702400009 |
– «Эмерек» бөлүмү:
төмөнкүдөй мазмундагы 4891–4893-пункттар менен толукталсын:
4891 | Пружиналуу матрастар | 31.01 | 9404291000 |
4892 | Башка материалдардан жасалган матрастар | 31.01 | 9404299000 |
4893 | Сырты капталган отуруу үчүн эмерек | 31.01 | 9401610000 |