Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 2-октябры № 661
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын белгилөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын белгилөө тартибин өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын белгилөө тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом күчүнө киргенге чейин орнотулган Кыргыз Республикасынын чек ара белгилери ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын белгилөө тартиби жөнүндө жобого ылайык келтирилүүгө тийиш эмес деп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-июлундагы № 419 «Кыргыз Республикасынын чек ара белгилери жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 6-октябрындагы № 75 (3835) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |