КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 8-октябры № 680
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 2-июлундагы № 391 «Кыргыз Республикасынын
Агартуу министрлигинин маселелери жөнүндө»
токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 «2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын (2025–2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилинде I этап үчүн) 5-главасынын 1-пунктунун 2-пунктчасын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жөнүндө жободо:
– 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары өздөрүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктардын чегинде коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүүгө жана натыйжалуу иштешине багытталган чараларды көрбөгөндүгү же талаптагыдай көрбөгөндүгү үчүн, ошондой эле алар тейлөөчү иштин багыттарында Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.»;
– 16-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 131-пунктча менен толукталсын:
«131) коррупциялык тобокелдиктерди аныктоону жана баалоону, кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу жана жөнгө салуу боюнча чараларды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын жана кызматтык тартиптин абалын үзгүлтүксүз контролдоону камсыз кылууну, кадрдык жана финансылык чечимдерди ички контролдоону, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышына мониторинг жүргүзүүнү камтыган коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү, иштешин камсыз кылуу жана натыйжалуулугу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 9-октябрындагы № 76 (3836) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |