Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 2-июлу № 391
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин
маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23, 2026-жылдын 6-мартындагы № 153, 2026-жылдын 13-августундагы № 545 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 12-майындагы № 145 «Илим, билим берүү, инновациялар жана интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу, мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү жана балдарга, эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү чөйрөсүндөгү билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын, бирдей жеткиликтүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылууга багытталган агартуу чөйрөсүндө башкаруунун туруктуу системасын түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 93-статьясына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги бөлүштүрүү балансынын негизинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү жана балдарга, эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү чөйрөсүндөгү бардык укуктары жана милдеттери боюнча укук улантуучусу болуп саналат;
2) бул токтом Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги үчүн бекитилген штаттык сандын жана тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 144 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 248 «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө» токтому;