Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУУ РЕСУРСТАРЫ, АЙЫЛ
ЧАРБА ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИНИН
буйругу
2026-жылдын 2-октябры № 05/2-17/300
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл
чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин
“Кыргыз Агрохолдинг” ачык акционердик коомунун
уставын бекитүү жөнүндө” 2024-жылдын
4-июлундагы № 04-13/225 буйругуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын “Акционердик коомдор жөнүндө”, “Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 210 “Кыргыз Агрохолдинг” ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө” токтомунун 3 жана 6-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун 13-пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө жобонун 14-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары – Министрлик) 2024-жылдын 4-июлундагы № 04-13/225 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– 2-пункттагы “репутацияны башкаруу бөлүмү” деген сөздөр “санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү бөлүмү” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 3-пункттагы “Министрликтин чечимдерин ишке ашыруу башкармалыгы:” деген сөздөр “Министрликтин кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү башкармалыгы:” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилген “Кыргыз Агрохолдинг” ачык акционердик коомунун уставында:
27-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“27. Коомдун уставдык капиталы 1 041 000 000,0 (бир миллиард кырк бир миллион) сомду түзөт, ал 1 041 000,0 (бир миллион кырк бир миң) даана жөнөкөй акцияларга бөлүнөт, бир акциянын номиналдык наркы 1000,0 (бир миң) сом.”;
– 85-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3) Коомдун ички аудит кызматы (ички аудитор) – контролдоочу орган. Коомдун ички аудит кызматы (ички аудитор) Коомдун финансылык-чарбалык ишин контролдоо үчүн акционерлердин жалпы чогулушу тарабынан шайланат.”;
– 90-пунктунун:
– 16-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
– “16) коомдун ички аудитордук кызматынын (ички аудитордун) мүчөлөрүн дайындоо жана алардын (анын) ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;”;
– 18-пунктчасындагы “ревизоруна” деген сөз “ички аудит кызматына” (ички аудиторуна)” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 22-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“22) Коомдун аудитордук уюмун жана (же) аудиторун тандоо жана аудитордун кызмат көрсөтүү акысынын өлчөмүн аныктоо;”;
92-пункттун 3-пунктчасындагы “ревизорунун” деген сөз “ички аудит кызматынын (ички аудиторунун)” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 101-пункттагы “ревизорунун” деген сөз “ички аудит кызматынын (ички аудиторунун)” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 103-пункттагы “ревизоруна” деген сөз “ички аудит кызматына (ички аудиторуна)” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 106-пункттагы “ревизору” деген сөз “ички аудит кызматы (ички аудитору)” деген сөздөр менен алмаштырылсын”;
– 14-главанын аталышындагы “ревизор” деген сөз “ички аудит кызматы (ички аудитору)” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 112-пункттагы “ревизору” деген сөз “ички аудит кызматы (ички аудитору)” деген сөздөр менен алмаштырылсын”;
– 113-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“113. Коомдун ички аудит кызматына (ички аудиторуна) жүктөлгөн функцияларды аткаруунун жүрүшүндө, ал Коомдо кандайдыр бир штаттык кызматты ээлебеген адамдардын ичинен эксперттерди тарта алат. Ишке тартылган адистердин иш-аракеттери үчүн Коомдун ички аудит кызматы (ички аудитору) жоопкерчилик тартат.”;
– 114-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“114. Коомдун ички аудит кызматынын (ички аудиторунун) иш тартиби Коомдун жалгыз акционери тарабынан бекитилүүчү Коомдун ички документи менен аныкталат.
Коомдун ички аудит кызматы (ички аудитору) Коомдун жалгыз акционерине жүргүзүлгөн текшерүү жөнүндө отчетту, ошондой эле бекитүүгө берилген бухгалтердик баланстын, кирешелер жана чыгымдар жөнүндө отчеттун Коомдогу иштин чыныгы абалына шайкештиги жөнүндө корутундуну, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштар менен бирге берет”;
– 116-пункттагы “ревизору” деген сөз “ички аудит кызматы (ички аудитору)” деген сөздөр менен алмаштырылсын)”;
– 117-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“117. Коомдун жылдык финансылык отчетторунун аныктыгын текшерүү жана ырастоо үчүн, Коом жыл сайын Кыргыз Республикасынын аудитордук ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген, ошондой эле Коом же анын катышуучуларынын мүлктүк кызыкчылыктары менен байланышпаган кесипкөй аудитордук уюмду (тышкы аудит) түзүлгөн келишимдин негизинде тартат).”;
– 118-пункттагы “ревизору” деген сөз “ички аудит кызматы (ички аудитору)” деген сөздөр менен алмаштырылсын”;
– төмөнкүдөй редакциядагы 1191-пункту менен толукталсын:
“1191 Коом мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын иши жөнүндө жалпы отчетту түзүү үчүн мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттик үлүшү бар чарбалык коомдордун мезгилдүү жалпы отчетторун топтоо жана түзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымат жана отчетторду берүүнү камсыз кылат.”;
– 126-пункттун 11-пунктчасындагы “ревизорунун” деген сөз “ички аудит кызматынын (ички аудиторунун)” деген сөздөр менен алмаштырылсын”.
2. Министрликтин санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык расмий жарыяланышын камсыз кылсын.
3. Министрликтин кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү башкармалыгы:
1) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз түрүндө жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө, анын жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
2) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз түрүндө жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө, аталган буйруктун жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин кайра иштетүү өнөр жайы, органикалык өндүрүш, экспорт жана интеграция, азык-түлүк коопсуздугу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу маселелерин тейлеген орун басарына жүктөлсүн.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министрдин милдетин убактылуу аткаруучу, министрдин биринчи орун басары |
| Илич Марсбек уулу |