Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-сентябры № 652
Так отчеттуулуктагы аскердик каттоо документтеринин бланктарынын үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө
Так отчеттуулуктагы аскердик каттоо документтеринин бланктарын даярдоону жана берүүнү тартипке келтирүү максатында, "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкү үлгүлөр бекитилсин:
- офицердин (прапорщиктин) өздүк күбөлүгүнүн, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын запастагы офицеринин аскердик билетинин, 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын аскердик билетинин, 3-тиркемеге ылайык;
- аскердик каттоого кабыл алуу жөнүндө күбөлүктүн, 4-тиркемеге ылайык;
- альтернативдик кызматтын кызматчысынын күбөлүгүнүн, 5-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 "Кыргыз Республикасында жүгүртүүдөгү мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жүгүртүүдөгү мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмесинде:
- 7-пункттун "Документтердин жана бланктардын аталышы" графасы төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"Альтернативдик кызматтын кызматчысынын күбөлүгү".
3. Санариптик форматта калыптандырылган жана Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы жана (же) "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу көрсөтүлгөн аскердик каттоо документтери ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген кагаз түрүндөгү тийиштүү документтер менен бирдей юридикалык күчкө ээ деп белгиленсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 22-июнундагы № 338 "Катуу отчеттуулуктагы аскердик эсеп документтеринин үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРАЛДУУ КҮЧТӨРҮ
ОФИЦЕРДИН (ПРАПОРЩИКТИН) ӨЗДҮК КҮБӨЛҮГҮ
ӨЗДҮК КҮБӨЛҮК АК № _________________
________________________________________________________________________
(фамилиясы,
________________________________________________________________________
________________________________________________________________________
атасынын аты)
анык аскердик кызматта турат.
1. Өздүк номери ___________________________________
3х4
2. Туулган жылы, айы, күнү ___________________________
Сүрөт __________________________________________________
__________________________________________________
М.О.
3. Өз колу ________________________________________________________________
4. Туулган жери ___________________________________________________________
5. Улуту __________________________________________________________________
6. Күбөлүктү берген ________________________________________________________
(өздүк күбөлүк берген аскер бөлүгүнүн
__________________________________________________________________________