Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-апрели № 217
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131, 2017-жылдын 13-декабрындагы № 805, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 670, 2023-жылдын 10-февралындагы № 68, 2023-жылдын 3-мартындагы № 115, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 622, 2024-жылдын 24-декабрындагы № 786, 2025-жылдын 1-сентябры № 545, 2025-жылдын 8-октябрындагы № 648 , 2026-жылдын 5-июнундагы № 393, 2026-жылдын 8-июлундагы № 467 , 2026-жылдын 29-сентябрындагы № 652 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 11-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу, аскердик каттоо системасын камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 "Аскер кызматкерлерине, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын жазык-аткаруу системасынын, баңги заттарды контролдоо боюнча органдарынын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2 жана 3-пункттардагы "Коргоо министрлиги" деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-сентябрындагы № 652 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 3-октябрындагы № 607 "Аскердик-техникалык кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1 жана 7-пункттардагы "Коргоо министрлиги" деген сөздөр "Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташтыгын ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жободо:
бүткүл текст боюнча "Коргоо министрлиги" деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскердик багыттагы продукцияларга карата тышкы соода иштерин жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын уюмдарына укук берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
бүткүл текст боюнча "Коргоо министрлиги" деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пунктунун үчүнчү абзацындагы "Коргоо министринин орун басары" деген сөздөр "Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган Жобонун 2 жана 3-тиркемелеринде:
бүткүл текст боюнча "Коргоо министрлиги" деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- Аскердик багыттагы продукциялар маселеси боюнча чет өлкөлүк заказчылардын кайрылууларын Кыргыз Республикасында кароонун тартиби жөнүндө жободо:
бүткүл текст боюнча "Коргоо министрлиги" деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-декабрындагы № 863 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеңилдиктерге укуктарын ырастоочу документтердин үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-пункттагы "Коргоо министрлиги" деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-декабрындагы № 805 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-июлундагы № 531 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө Санаториялык-курорттук камсыздоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
2-пункттагы "Коргоо министрлиги" деген сөздөр "Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө Санаториялык-курорттук камсыздоо жөнүндө жободо:
бүткүл текст боюнча "Коргоо министрлиги" деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-январындагы № 34 "Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин жана ишканалардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоону жана кайтарууну ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен байланыштарын чыңдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
5-пункттагы "Коргоо министрлиги" деген сөздөр "Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 261 "Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 6-октябрында кол коюлган агрессия коркунучу пайда болгон же агрессия актысы болгон учурларда Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттерге аскердик-техникалык жардам көрсөтүү механизми тууралуу Протоколду ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1 жана 2-пункттардагы "Коргоо министрлиги" деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
12. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
13. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 545 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
14. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-октябрындагы № 648 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
15. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-октябрындагы № 648 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
16. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 786 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 "Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4 жана 12-пункттардагы "Коргоо министрлиги" деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 51 "Аскер кызматчыларынын пенсиясынын өлчөмүн индексациялоо боюнча чаралар жана 2010-жылдын 1-январынан баштап жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-пункттагы "Коргоо министрлиги" деген сөздөр "Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбия иштери органдарынын жетекчилеринин ведомство аралык комитети жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пункттагы "2016-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө" деген цифралар жана сөздөр "2021-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пункттагы "Коргоо министрлиги" деген сөздөр "Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабына жүктөлсүн.";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбия иштери органдарынын жетекчилеринин ведомство аралык комитетинин курамында:
"Коргоо министрлигинин күжүрмөн даярдык башкармалыгынын тарбия иштер бөлүмүнүн башчысы" деген сөздөр "Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын тарбия иштер башкармалыгынын начальниги" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
20. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 670 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 435 "Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда кар көчкүлөрдүн, жер көчкүлөрдүн түшүүсүн, башка жылышуу процесстеринин алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча туруктуу иштөөчү штабды түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республиканын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда кар, жер көчкүлөрдүн түшүүсүн жана башка жылышуу процесстеринин алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча туруктуу иштөөчү штабдын курамында:
"коргоо министринин биринчи орун басары" деген сөздөр "Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда кар көчкүлөрдүн, жер көчкүлөрдүн түшүүсүн, башка жылышуу процесстеринин алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча туруктуу иштөөчү штаб жөнүндө жободо:
бүткүл текст боюнча "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги" деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы (макулдашуу боюнча)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
22. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-июлундагы № 467 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
23. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
24. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-февралындагы № 87 "Жаштарды аскерге чакырууга чейинки даярдоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
25. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
26. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
27. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-январындагы № 13 "Бишкек шаарында 2014-жылдын 24-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик медицина жаатында билим берүү жана кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2 жана 3-пункттардагы "Коргоо министрлиги" деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
28. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-февралындагы № 36 "Бишкек шаарында 2014-жылдын 24-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2 жана 3-пункттардагы "Коргоо министрлиги" деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
29. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 591 "Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын ыкчам башкаруусунда турган ок атуучу куралдардын жана кадимки ок-дарылардын запастарын башкаруу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын ыкчам башкаруусунда турган ок атуучу куралдардын жана кадимки ок-дарылардын запастарын башкаруу эрежелеринде:
бүткүл текст боюнча "Коргоо министрлиги" деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
30.(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 622 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
31. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.