Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-сентябры № 649
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 16-февралындагы № 60 «Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борбору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Саламаттык сактоо системасында илимий ишти өркүндөтүү максатында, «Илим жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 60 «Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борбору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия жана пульмонология борбору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»;
2) 1-пункт «фтизиатрия» деген сөздөн кийин «жана пульмонология» деген сөздөр менен толукталсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борбору жөнүндө жободо:
– аталышы, 1, 9, 10, 11-пункттар «фтизиатрия» деген сөздөн кийин «жана пульмонология» деген сөздөр менен толукталсын;
– 3, 11, 15, 21, 26-пункттарда «Билим берүү жана илим» деген сөздөр «Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«7. Борбордун расмий аталышы:
– мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия жана пульмонология борбору»;
– расмий тилде: «Национальный центр фтизиатрии и пульмонологии при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики».
Кыскартылган аталышы:
– мамлекеттик тилде: «УФПБ»;