Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-сентябры № 657
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Достук айыл аймагында жайгашкан жер тилкесин «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Достук айыл аймагында көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2026-жылдын 20-майындагы № 01-12/830 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 23-декабрындагы № 01-8/427, 2026-жылдын 15-майындагы № 01-8/205 жана 2026-жылдын 23-июлундагы № 01-8/305 тескемелерин көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18, 102-беренелерине, «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин экинчи бөлүгүнүн 121-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Достук айыл аймагынын № 1352 контурунда жайгашкан Биялинова Джамиля Алымбековнанын жеке менчигинде турган жалпы аянты 69,80 га сугат айдоо жер тилкеси «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайдасынын ордун толтуруу наркынын суммасын төлөөнү;
3) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
4) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинин бирдей маанидеги аянтын калыбына келтирүүнү, асылдуулугу төмөн жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;
5) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзамдарына ылайык курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоо менен иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
6) жамгырдын жана эриген кардын сууларын коопсуз буруу системасынын иштөөсүн, башкы пландагы жер титирөөгө каршы иш-чараларды жана тиешелүү аймактагы кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, болжолдоо боюнча колдонмону сактоону;
7) жеке каражаттардын эсебинен аймактын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштөөсүн жана өнүгүүсүн, социалдык-экономикалык өнүгүүсүн уюштурууну;
8) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда аларды күтүүнү жана коргоону, Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык казууларды жана курулуш иштерин жүргүзүүдө археологиялык көзөмөлдөө үчүн археолог адисти тартууну;
9) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкеси пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аны баштапкы абалына келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
10) «Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык автомобиль жолунун бөлүнгөн тилкесин сактоону;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана ченемдерди сактоону;