Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 14-сентябры № 614
Кыргыз Республикасынын аймагына
курулуш материалдарынын айрым түрлөрүн
ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну
киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-октябрындагы № 691 токтомунун редакциясына ылайык)
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагына үчүнчү өлкөлөрдөн 1-тиркемеде көрсөтүлгөн курулуш материалдарынын айрым түрлөрүн ташып келүүгө ушул токтом күчүнө киргенден үч күн өткөндөн кийин алты айлык мөөнөткө киргизилүүчү убактылуу тыюу салуу белгиленсин.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн тыюу салуу төмөнкү товарларга жайылтылбайт деп белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен ташылуучу;
2) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан ташып келинүүчү;
3) аймагында бажы операциялары жүргүзүлүүчү бажы органына алардын стратегиялык жана инвестициялык объекттерди ишке ашырууга багытталгандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы тарабынан 2-тиркемеге ылайык форма боюнча таризделген ырастоо тиркелген расмий кат жөнөтүлгөн;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери менен жактырылган инвестициялык макулдашууларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде жана макулдашууларда каралган инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында ташып келинүүчү;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 119 «Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти жөнүндө» токтому менен каралган улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун тизмегине киргизилген долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ташып келинүүчү, тиешелүү долбоорго бекитилген жооптуу куратордун товарлардын ушул долбоорду ишке ашыруу үчүн ташып келингендигин ырастоочу расмий каты болгон учурда;
6) тиешелүү товарды коштоочу документтер менен ырасталган, ушул токтомдун 1-пунктунда белгиленген убактылуу тыюу салуу колдонулуп баштаган датага чейин Кыргыз Республикасындагы алуучулардын дарегине жүктөлүп жөнөтүлгөн жана жолдогу, алар ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып эки айдын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген шартта.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-октябрындагы № 691 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги бул токтом күчүнө киргенге чейин үч күндөн кечиктирбестен ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуунун киргизилгендиги жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына белгиленген тартипте кабарласын.