Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-октябры № 691
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-сентябрындагы № 614 «Кыргыз Республикасынын аймагына курулуш материалдарынын айрым түрлөрүн ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-сентябрындагы № 614 «Кыргыз Республикасынын аймагына курулуш материалдарынын айрым түрлөрүн ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктта:
– 4-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери менен жактырылган инвестициялык макулдашууларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде жана макулдашууларда каралган инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында ташып келинүүчү;»;
– төмөнкүдөй мазмундагы 5, 6-пунктчалар менен толукталсын:
«5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 119 «Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти жөнүндө» токтому менен каралган улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун тизмегине киргизилген долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ташып келинүүчү, тиешелүү долбоорго бекитилген жооптуу куратордун товарлардын ушул долбоорду ишке ашыруу үчүн ташып келингендигин ырастоочу расмий каты болгон учурда;
6) тиешелүү товарды коштоочу документтер менен ырасталган, ушул токтомдун 1-пунктунда белгиленген убактылуу тыюу салуу колдонулуп баштаган датага чейин Кыргыз Республикасындагы алуучулардын дарегине жүктөлүп жөнөтүлгөн жана жолдогу, алар ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып эки айдын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген шартта.»;
2) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 16-октябрындагы № 77 (3838) саны менен жарыяланды
Председатель Кабинета Министров Кыргызской Республики |
| А.А. Касымалиев |