Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР
КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 9-октябры № 768-т
Улуттук экономикага түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районун туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн долбоорлорду ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 95-беренесине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 13-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте:
1) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Токой кызматынын Түп токой чарбасынын карамагындагы Каркыра токойчулугунун 2-кварталынын 45-бөлүкчөсүндө жайгашкан, аянты 6,0 га мамлекеттик токой фондунун жер тилкесин өзүнчө бирдик катары бөлсүн;
2) бөлүнгөн жер тилкесин белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына мөөнөтсүз пайдаланууга (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
1) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин мөөнөтсүз пайдалануу укугун белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрсүн;
2) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануунун белгиленген режимин сактоо менен максаттуу багыты боюнча гана пайдаланууну, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын аткарууну камсыз кылсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |