Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 18-августу № 631-т
«Чайна Петроль Компани «Джунда» жоопкерчилиги чектелген коомунун мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо мөөнөттөрүн актуалдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14, 31-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2024-жылдын 2-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Орто Азия энергетикалык компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы «Чайна Петроль Компани «Джунда» жоопкерчилиги чектелген коомунун мунайды кайра иштетүүчү заводун капиталдык оңдоо жана модернизациялоо боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу кошумча макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысына ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кошумча макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Председатель Кабинета Министров Кыргызской Республики |
| A.А. Касымалиев |
2024-жылдын 2-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Орто Азия энергетикалык компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы «Чайна Петроль Компани «Джунда» жоопкерчилиги чектелген коомунун мунайды кайра иштетүүчү заводун капиталдык оңдоо жана модернизациялоо боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу кошумча макулдашуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-июнундагы № 335-т тескемеси менен жактырылган жана 2024-жылдын 2-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Орто Азия энергетикалык компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы «Чайна Петроль Компани «Джунда» жоопкерчилиги чектелген коомунун мунайды кайра иштетүүчү заводун капиталдык оңдоо жана модернизациялоо боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ушул кошумча макулдашуу (мындан ары – Кошумча макулдашуу) мындан ары биргелешип «Тараптар» деп аталуучу, бир тараптан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын «___» ______________ № _____ тескемесинин негизинде иштеген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен экинчи тараптан Уставдын негизинде иштеген жана өз ишин Кытай Эл Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырган «Орто Азия энергетикалык компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунда (Кара-Балта ш., Чыгыш өнөр жай зонасы) бензин, дизель отунун, суюлтулган газды жана күкүрттү өндүрүү боюнча мунайды кайра иштетүүчү заводду капиталдык оңдоо жана модернизациялоо боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууда өз ара укуктарды жана милдеттерди жөнгө салуу максатында жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө багытталган «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өз ара кызыкчылыкты көңүлгө алып, төмөнкүлөр жөнүндө ушул Кошумча макулдашууну түздү:
1. Тараптар 2024-жылдын 2-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Орто Азия энергетикалык компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы «Чайна Петроль Компани «Джунда» жоопкерчилиги чектелген коомунун мунайды кайра иштетүүчү заводун капиталдык оңдоо жана модернизациялоо боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө колдонуудагы инвестициялык макулдашуунун 22.1-пунктуна ылайык төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүүнү макулдашты:
– 4.5-пунктта «2026-жылдын 31-июлуна чейин» деген сөздөр«2026-жылдын 30-декабрына чейин» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 8.3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
«– мунайды кайра иштетүү чөйрөсүндө квалификациясын жогорулатуу максатында «Чайна Петроль Компани «Джунда» жоопкерчилиги чектелген коомунун мунайды кайра иштетүүчү заводунда эмгек ишин жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын5 (бештен) кем эмес жаранын – адисти Кытай Эл Республикасына жыл сайын окутууга жиберүүгө. Окутуунун жыйынтыгы боюнча аталган адистер ишкананын административдик/жетектөөчү кызмат орундарына дайындалууга тийиш. Адистерди окутууга жиберүү жыл сайын 10 (он) жыл бою жүргүзүлөт.».