Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЛИМ, ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИНОВАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 23-июлу № 499
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинде коррупцияга каршы чараларды актуалдаштыруу жана коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу максатында, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 4-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 232 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык, буйрук кылам:
1. Ушул буйрукка тиркелген тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин 2025-жылдын 4-ноябрындагы № 261 “Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Министрликтин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилери коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу жана минималдаштыруу боюнча туруктуу иштерди камсыз кылышсын.
4. Ушул буйруктун көчүрмөсү үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде анын көчүрмөсү маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына (коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу орган) жөнөтүлсүн.
6. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
7. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр |
| Г.Т. Исаматова |
|
| 1-тиркеме Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин 2026-жылдын 23-июлундагы № 499 буйругуна |
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинде
коррупциянын келип чыгуу коркунучу бар учурлар жана кырдаалдар
ТИЗМЕСИ
№ | Мамлекеттик органдын функциясы (ыйгарым укугу) / административдик жол-жобо | Коррупциянын келип чыгуу ыктымалдуулугу бар учурлар жана кырдаалдар | Коррупциялык тобокелдиктин категориясы | Тобокелдик деңгээли | Структуралык, регионалдык же ведомстволук бөлүм | Коррупциялык тобокелге кабылган кызмат орундары | Мамлекеттик органдарда / жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлар жана кырдаалдар |
Функциянын түрү: интеллектуалдык менчик объекттерине коргоо жана сактоо укуктуктарын берүү | |||||||
1 | Интеллектуалдык менчик объекттери (айып пул) боюнча укук бузуулар боюнча иштерди кароо жана чечимдерди кабыл алуу
| Укук бузууну аныктаганда, аныкталган укук бузууларды жашырганда акчалай пайда алуу мүмкүнчүлүгү
| Системалуу
| Жогорку | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин укук башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин укук бузуулар боюнча комиссиясы | Башкармалыктык начальниги, Башкы адис, Жетектөөчү адис, Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин укук бузуулар боюнча комиссиянын мүчөлөрү
| Бул тобокелдик Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин ишине тиешелүү |
2 | Интеллектуалдык менчик объекттерин каттоо жана укуктук коргоо берүү боюнча чечим кабыл алууда финансылык же башка пайда алуу максатында кызматтык ыйгарым укуктарды мыйзамсыз пайдалануу. | Финансылык же башка пайда алуу үчүн өтүнмөнү кароо тартибин атайылап бузуу, анын ичинде экспертизаны туура эмес жүргүзүү, интеллектуалдык менчик объектисине коргоо документин берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө негизсиз чечим кабыл алуу, каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин корутундуларды берүү, интеллектуалдык менчик объектисин каттоо
| Кырдаалдык | Орто | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Экспертиза башкармалыгы, Автордук укук жана чектеш укуктар башкармалыгы | Башкармалыктык начальниги, Бөлүм башчы Башкы адис, Жетектөөчү адис
| Бул тобокелдик Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин ишине тиешелүү |
Функциянын түрү: Диссертациялык кеңештердин иштешин камсыздоо | |||||||
3 | Диссертацияларды коргоо боюнча диссертациялык кеңештерди түзүү жана алардын курамын бекитүү, илимий даражаларды ыйгаруу, илимий наамдарды берүү, илимий даражаларды жана илимий наамдарды алуудан (калыбына келтирүүдөн) баш тартуу маселелерин кароо
| Илим даражаларын ыйгаруу жана илимий наамдарды берүү үчүн документтерди алууда жана тариздөөдө финансылык пайда алуу мүмкүнчүлүгү. Арыз берүүчүлөр менен түз байланыштын болушу.
| Системалуу | Жогорку | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиясы
| Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиясынын кызматкерлери
| Бул тобокелдик Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиясына тиешелүү
|
4 | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиясынын номенклатурасына ылайык, айрым илимий адистиктер боюнча илимий даражаларды, наамдарды изденүүчүлөр үчүн техникалык экспертизалоо | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиясынын номенклатурасына ылайык айрым илимий адистиктер боюнча илимий даражаларды, наамдарды изденүүчүлөр үчүн техникалык экспертизалоонун натыйжаларын атайылап жогорулатуу/төмөндөтүү |
Кырдаалдык
| Жогорку | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиясы
| Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиясынын профессордук-окутуучулук курамы
| Бул тобокелдик Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиясынын ишине тиешелүү |
Функциянын түрү: Мамлекеттик сатып алууну өткөрүүнү уюштуруу
| |||||||
5 | Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу | Материалдык-техникалык баалуулуктардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн муктаждыгын негизсиз жогорулатуу; сатып алуу критерийлерин жана техникалык тапшырмаларды конкреттүү жеткирүүчүгө ылайыкташтырып түзүү; сатып алуучу уюмдун кызмат адамдары менен сатып алуучулардын катышуучуларынын аффилирленгендиги; келишимдин наркын жогорулатуу жана анын шарттарын негизсиз өзгөртүү, анын ичинде кошумча келишимдерди жетиштүү негиздерсиз түзүү аркылуу; келишим шарттарына иш жүзүндө туура келбеген товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу; жеткирүүчү тарабынан келишимдик милдеттенмелерди бузууларды жашыруу жана мыйзамда каралган чараларды кабыл албоо.
| Системалуу
| Орто | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин финансы-экономикалык пландоо жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмү, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиясы
| Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин финансы-экономикалык пландоо жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинин, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиянын мамлекеттик сатып алуулар боюнча сертификатталган адиси | Бул тобокелдик Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин финансы-экономикалык пландоо жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинин, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиянын ишине тиешелүү
|
Функциянын түрү: Маалыматтык, ченемдик, илимий, методикалык жана окуу материалдарын басып чыгаруу жана ишке ашыруу | |||||||
6 | Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин ишин камсыз кылуу үчүн расмий (басып чыгаруучу) басылмаларды чыгаруу | Белгиленген талаптарды айланып өтүү менен кызыкдар адамдардын материалдарын расмий басылмаларга киргизүү; подрядчылар менен өз ара аракеттенүүдө нускаларын жогорулатуу | Кырдаалдык | Орто | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду | Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун полиграфия бөлүмүнүн башчысы | Бул тобокелдик Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун ишине тиешелүү |
Функциянын түрү: Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр | |||||||
7 | Билим берүү уюмдары (билим берүү системасынын уюмдары), интеллектуалдык менчик жана инновациялар чөйрөсүндөгү ведомствого караштуу мекемелер тарабынан залдарды жана имараттарды, ошондой эле жабдууларды, буюмдарды берүү
| Интеллектуалдык менчик жана инновациялар чөйрөсүндөгү ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу үчүн залдарды жана имараттарды, ошондой эле жабдууларды, буюмдарды берүү
| Кырдаалдык | Орто | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинин башкы адиси келишимдерди түзүугө жана материалдык баалуулуктарды пайдаланууга жоопкерчиликтүү
| Бул тобокелдик “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинин ишине тиешелүү
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Функциянын түрү: Конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү | |||||||
8 | Чет такшалмаларга, академиялык мобилдүүлүк жана квалификацияны жогорулатуу программаларына катышуу үчүн талапкерлерди тандоону уюштуруу жана өткөрүү | Тандоодо айрым талапкерлерге негизсиз артыкчылык берүү, конкурстук процедуралар жөнүндө маалыматты жашыруу катышуучулардын документтерин объективдүү баалоо, чечимдерди кабыл алууда кызыкчылыктардын кагылышы | Кырдаалдык | Орто | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Илим башкармалыгы | Башкармалыктын начальниги, Башкы адис, Жетектөөчу адис | Бул тобокелдик Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин ишине тиешелүү |
9 | Интеллектуалдык менчик жана инновациялар чөйрөсүндөгү конкурстарга катышууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу жана тандоо | Өтүнмөлөргө негизсиз уруксат берүү же четке кагуу; айрым адамдардын кызыкчылыгында конкурстук иштерди калыс баалоо, конкурс жыйынтыкталганга чейин өтүнмөлөр жөнүндө маалыматтарды жарыялоо, эксперттик комиссиянын мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарынын кагылышы | Кырдаалдык | Орто | Тартылган көз карандысыз эксперттер | Эксперттик комиссия | Бул тобокелдик Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин ишине тиешелүү |
10 | Эл аралык келишимдер, өкмөттөр аралык, ведомстволор аралык макулдашуулар жана эл аралык кызматташтык программалары алкагында берилүүчү квоталык (бюджеттик) орундар, гранттар жана мамлекеттик колдоонун башка формалары боюнча чет өлкөлүк билим берүү уюмдарында окуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын тандоону уюштуруу жана өткөрүү | Тандоо баскычында материалдык жана башка пайдаларды алуу мүмкүнчүлүгү (сайтында каттоодон өтүү үчүн керектүү документтерди толтурууга көмөк көрсөтүү). Конкурстук тандоону өткөрүүдө айрым талапкерлерге негизсиз артыкчылыктарды берүү, анын ичинде баалоонун натыйжаларын өзгөртүү, талапкерлерди кабыл алуу үчүн сунушталган тизмеден негизсиз киргизүү же чыгаруу.
| Системалык | Орто | Эл аралык кызматташуу бөлүмү, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин санариптик өнүгүү бөлүмү
| Эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн, санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери; конкурстук (тандоо) комиссиянын төрагасы, катчы жана мүчөлөрү эл аралык билим берүү программаларын жана квоталарын ишке ашырууга жооптуу
| Бул тобокелдик Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин ишине тиешелүү |
| Функциянын түрү: Кеңеш берүүлөр жана маалымат берүү | ||||||
11 | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Экспертиза башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан интеллектуалдык менчик объектилерин (товардык белгилер, ойлоп табуулар, селекциялык жетишкендиктер жана башкалар) каттоого өтүнмө берүү боюнча кеңеш берүү кызмат көрсөтүүлөрү | Кеңеш берүү учурунда материалдык же башка пайда алуу, ошондой эле интеллектуалдык менчик объектилерин каттоо боюнча жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын жайылтуу мүмкүнчүлүгү. өтүнмө берүүчүлөргө маалыматты толук эмес, бурмаланган же тандалмалуу түрдө берүү, айрым адамдарга белгиленген тартипти айланып өтүп, "артыкчылыктуу" кеңеш берүү | Системалык | Жогору | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим жана инновациялар министрлигинин Экспертиза башкармалыгы | Башкармалыктын начальниги, Бөлүм башчы, Башкы адис, Жетектөөчү адис | Бул тобокелдик Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин ишине тиешелүү |
12 | Илимий-техникалык маалыматтардын тема боюнча топтомдорун аткаруу | Патенттик/патенттик эмес акысыз жана/же коммерциялык маалымат базалары, техникалык журналдар аркылуу техникалык маалымат берүү, ошондой эле эл аралык маалымат базаларында издөө боюнча окутуу | Кырдаалдык | Төмөн | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси | "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесинин Китепканалык тейлөө жана инновацияларды колдоо бөлүмүнүн адистери | Бул тобокелдик Инновациялык борбор мамлекеттик мекемесинин ишине тиешелүү |
Функциянын түрү: Лицензиялоо жана көзөмөлдөө | |||||||
13 | Лицензияга чейинки текшерүү жана лицензияны кайра тариздөө маселелери боюнча кеңеш берүүлөр | Онлайн лицензиялоо платформасында өтүнмөнү толтурууга жана берүүгө жардам берүү аркылуу материалдык же башка пайда алуу (https://license.ilim.gov.kg) | Кырдаалдык | Орточо | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин лицензиялоо жана аккредитациялоо бөлүмү | Катышкан кызматкерлер: бөлүм башчы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис жана комиссиясынын мүчөлөрү | Бул тобокелдик Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин ишине тиешелүү |
14 | Лицензиялык контролдоо (пландык жана пландан тышкаркы текшерүү) | Лицензиялык талаптарды бузуулар, мисалы, аянтынын жетишсиздиги, кадрлардын жоктугу же Кыргыз Республикасынын Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин корутундуларынын жоктугу сыяктуу аныкталган кемчиликтерди атайылап жашыруу, аныкталган лицензиялык талаптарды бузууларды каржылык же башка пайда үчүн жашыруу. Негизсиз пландалбаган текшерүүлөрдү жүргүзүү же жасалма административдик тоскоолдуктарды түзүү. | Системалуу | Орточо | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин лицензиялоо жана аккредитациялоо бөлүмү | Катышкан кызматкерлер: бөлүм башчы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис жана баалоо комитетинин мүчөлөрү | Бул тобокелдик Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин ишине тиешелүү |
15 | Аккредитациялоо агентстволорунун ишин таануу жана мониторинг жүргүзүү | Атайылап формалдуу мониторинг жүргүзүү, кызыкдар адамдардын таламдарын лоббирлөө жана мыйзам бузууларды жашыруу.. Атайылап формалдуу мониторинг өткөрүү же окуу жайлардын жана колледждердин институционалдык/программалык аккредитациясын жүргүзгөндө агенттиктер тарабынан жасалган мыйзам бузуулар тууралуу фактыларды жашыруу | Системалуу | Жогору | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин лицензиялоо жана аккредитациялоо бөлүмү | Улуттук аккредитация кеңешинин мүчөлөрү, лицензиялоо жана аккредитациялоо бөлүмүнүн катышкан кызматкерлери | Бул тобокелдик Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин ишине тиешелүү |
функциянын түрү: Автордук укук жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалануу укугуна лицензиялык келишимдерди түзүү | |||||||
16 | Автордук укук жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акы төлөөчүлөр менен лицензиялык келишимдерди (макулдашууларды) түзүү | Жаңы аныкталган автордук сый акы төлөөчү менен лицензиялык келишимди (макулдашууну) түзүү боюнча чара көрбөгөндүгү (ошондой эле башка пайдалар жана артыкчылыктар) үчүн материалдык пайда алуу мүмкүнчүлүгү, же болбосо автордук сый акы төлөө өлчөмүн атайылап төмөндөтүү менен мындай келишим түзүү. | Системалуу | Орточо | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин автордук укук жана чектеш укуктар башкармалыгы | Башкармалыктын начальниги, Инспектирлөө бөлүмүнүн башчысы, Бөлүмдүн инспекторлору | Бул тобокелдик Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин ишине тиешелүү |
Функциянын түрү: Адам ресурстарын башкаруу | |||||||
17 | Кадрлар резервин түзүү, кызматка дайындоо, кызмат боюнча жогорулатуу | Кандидаттарды конкурска кабыл алуу, кызматка дайындоо чечимдерин кызыкчылыктардын кагылышуусу шартында же конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнө мыйзамсыз таасир этүү аркылуу кабыл алуу, айрым талапкерлердин конкурска катышуусун негизсиз чектөө, талапкерлерди объективдүү баалоо үчүн маанилүү болгон маалыматтарды жашыруу же көңүлгө албоо, кызыкдар тараптын кызыкчылыгында квалификациялык талаптарга өзгөртүүлөрдү киргизүү. | Системалуу | Орточо | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим жана инновациялар министрлигинин кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү | Бөлүм башчысы, Башкы адис, Жетектөөчү адис, Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү | Бул тобокелдик Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин ишине тиешелүү |