Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 15-октябры № 787-т
«Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коомунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-беренесинин 2-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 126 «Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн объекттерди ээликтен ажыратуу тартибин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн объекттерди ээликтен ажыратуу тартибинин 2, 3, 5-пункттарына, «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-статьясынын 1-бөлүгүнө, 28-статьясына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. «Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коомунун «Ош» эл аралык аэропортун заманбап талаптарга ылайык кеңейтүү жана өнүктүрүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте:
1) мамлекеттик үлүштү көбөйтүү үчүн уставдык капиталга салым катары киргизүү жолу менен мамлекеттик менчикте турган, «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясындагы төмөнкү жер тилкелерин «Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коомуна менчикке өткөрүп берсин:
– аянты 7 000,0 кв. м, идентификациялык коду 5-04-11-0022-0535 болгон, дареги Ош облусу, Кара-Суу району, Манас айыл аймагы, Зарбдор айылы, аталышы жок көчө;
– аянты 8 000,0 кв. м, идентификациялык коду 5-04-11-0022-0634 болгон, дареги Ош облусу, Кара-Суу району, Манас айыл аймагы, Зарбдор айылы, Аэропорт көчөсү;
– аянты 782,0 кв. м, идентификациялык коду 5-04-11-0023-0234 болгон, дареги Ош облусу, Кара-Суу району, Манас айыл аймагы, Зарбдор айылы, аталышы жок көчө;
– аянты 3 500,0 кв. м, идентификациялык коду 5-04-11-0032-0325 болгон, дареги Ош облусу, Кара-Суу району, Манас айыл аймагы, Алим-Тепе айылы, аталышы жок көчө;
– аянты 1 500,0 кв. м, идентификациялык коду 5-04-11-0032-0326 болгон, дареги Ош облусу, Кара-Суу району, Манас айыл аймагы, Алим-Тепе айылы, аталышы жок көчө;
– аянты 3 450,0 кв. м, идентификациялык коду 5-04-11-0032-0327 болгон, дареги Ош облусу, Кара-Суу району, Манас айыл аймагы, Алим-Тепе айылы, аталышы жок көчө;
– аянты 3 500,0 кв. м, идентификациялык коду 5-04-11-0023-0235 болгон, дареги Ош облусу, Кара-Суу району, Манас айыл аймагы, Зарбдор айылы, аталышы жок көчө;
2) ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. «Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коомуна ушул тескемеден келип чыгуучу чараларды белгиленген тартипте көрүү сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескеменин 2-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн жер тилкелерине болгон укуктардын өтүшүн каттоону жүзөгө ашырсын.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары |
Д.Дж. Амангельдиев |