Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-сентябры № 25
Атмосфералык абанын сапатына мониторинг жүргүзүүчү автоматташтырылган станцияларды куруу үчүн Гидрометеорологиялык кызматка (Кыргызгидрометке) жер участогун акысыз (мөөнөтсүз) пайдаланууга берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 30-беренесин, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 19-беренесин жетекчиликке алып, Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 17-августундагы №01-5/853 кайрылуусунун негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Балта шаары, Свердлов көчөсү, №11/1 дарегинде жайгашкан, 2024-жылдын 8-августундагы №61/24 жер участогунун планына ылайык аянты 25,0 м² болгон жер участогун Гидрометеорологиялык кызматтын (Кыргызгидрометтин) атмосфералык абанын сапатына мониторинг жүргүзүүчү автоматташтырылган станцияларын куруу үчүн мамлекетке акысыз (мөөнөтсүз) пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
2. Кара-Балта шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссияга,ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы |
| М. Дуйшеналиев |