Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 14-октябры № 693
Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу
пункттарын уюштуруу тартиби жөнүндө жобону
бекитүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 4-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу пункттарын уюштуруу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 16-октябрындагы № 78 (3838) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары |
| Д.Дж. Амангельдиев |